Этникалык кыргыздар

Ааламдын чокусундагы аздектелген буюм

Ааламдын чокусундагы аздектелген буюм

Байзакова Асила энебиздин кымкап чапаны (Чыгыш-Памир) Сары-Кол өрөөнүнөн алынып келинген кымкап чапан тарыхый чапан. Бул кымкап чапанды чебер уз айым Айдай Асангулованын «Кийиз-дүйнө «фондуМургаптын Көөнө-Коргон айылындагы Асила энеден алышкан. Асила эненин бул баалуукымкап чапаны анын апасынан калган экен, апасы Асила эне алгачкы турмушка аттанган учурда белекке берген дешет. Асила энебиз Чоң-Алайдан Сары-Кол тарапка он жети жашында турмушка чыгып, өмүрүнүн акырына…

Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды

Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды

Афганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылып, аларды туура колдонуу жана ооруларды алдын алуу, мал ылаңдарын туура дарылоо боюнча окуу өткөрүлгөн. "Экспедиция менен бирге кардиологдор, тиш доктурлар жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу да барды. Алар…

Миталип Жумабаев ким болгон?

Миталип Жумабаев ким болгон?

Жазуучу, акын жана журналист, кыл калем сүрөтчү Жумабаев Миталип Касымович 1948-жылы Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургап районуна караштуу Ыраң-Көл айыл советинин Суу-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Мургаптагы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз ССРинин Ош облусундагы Мамлекеттик Педагогикалык институттун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу адистигин бүтүргөн. Миталип Касымовичтин бир катар чыгармалары «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты»,…

Урпактарга калган улуу мурас (сүрөт)

Урпактарга калган улуу мурас (сүрөт)

Сары-Кол (Чыгыш Памир) кыргыздарында тээ илгертеден эле илим - билимдүүэшен- молдолор, ырчы газалчылар (казал), дастанчылар, улуу ойчул акылмандар, даанышман жазмакерлер жана башка көптөгөн кат сабатуу инсандар жашап өткөн экен.Буга далил Сары-Кол өрөөнүндө биз жашап жаткан мезгилден 200-250 жылдар илгерки кол жазмалар (китептер) бүгүнкү күнгө чейин сакталып калуусу. Бул кол жазма китептерди Сары-Кол жергесинен чыккан чыгаан (бул киши өзү даилим-билимдүү болгон)…

Министрлик көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүүнү кеңейтүүнү сунуштоодо

Министрлик көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүүнү кеңейтүүнү сунуштоодо

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстангакелип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо жана жардамкөрсөтүү боюнча 2026-2029-жылдарга «Кайрылман» программасын бекитүүнүсунуштоодо. Министрлик учурда этникалык кыргыздар тарабынан Кыргызстанда туруктуу жашообоюнча кайрылуулар көп түшүп жатканын белгилейт. Программа менен мамлекет тарабынан аларды көчүрүп келүү боюнча чаралардыкеңейтүү, Кичи жана Чоң Памирдин аймагында сапаттуу билим берүүнү камсыздоого,эне тилин жана маданий өзгөчөлүгүн сактоого багытталган жалпы билим берүүчүмектепти…

Ооган кыргыздары: Памирден тышкары жашагандарды алып келүү зарыл

Ооган кыргыздары: Памирден тышкары жашагандарды алып келүү зарыл

Ооган кыргыздары бир гана Памирде эмес, өлкөнүн бөлөк аймактарында да жашап келишет. Алардын акыбалы Памирдегилерден жакшы эмес. Жакырчылык жана сабатсыздык — алардын баш көйгөйү. Айрыкча кыздар менен аялдардын абалы оор: мектепке барууга тыюу салынган, ишке да орношо алышпайт. Көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келүү дегенде эки көзү төрт. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги алардын кетүүсүнө каршылыгы жок. Бирок, документтер менен оорчулук бар жана…

Страница 1 из 128