Министрлик көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүүнү кеңейтүүнү сунуштоодо

Министрлик көчүп келген этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүүнү кеңейтүүнү сунуштоодо

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанга келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча 2026-2029-жылдарга «Кайрылман» программасын бекитүүнү сунуштоодо.


Министрлик учурда этникалык кыргыздар тарабынан Кыргызстанда туруктуу жашоо боюнча кайрылуулар көп түшүп жатканын белгилейт.


Программа менен мамлекет тарабынан аларды көчүрүп келүү боюнча чараларды кеңейтүү, Кичи жана Чоң Памирдин аймагында сапаттуу билим берүүнү камсыздоого, эне тилин жана маданий өзгөчөлүгүн сактоого багытталган жалпы билим берүүчү мектепти куруу демилгесин ишке ашыруу пландаштырылууда.


Алдын ала финансылык-экономикалык эсептөөлөргө ылайык программаны ишке ашыруу үчүн 2026-2029-жылдарга бардыгы болуп 60 млн 600 миң сом талап кылынат. Көрсөтүлгөн сумманын алкагында 2026-жылга 16 млн 200 миң сом, 2027-жылга 13 млн 800 миң сом, 2028-жылга 13 млн 800 миң сом, калган бөлүгү 2029-жылга керектелет.


Программаны каржылоо республикалык бюджеттен тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген жылдык чегерүүлөрдүн чегинде, КРнын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.


Президенттин колдоосу менен Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн жалпы билим берүүчү мектеп куруу демилгеси КРнын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактарды пайдалануу менен ишке ашырылат, анын суммасы алдын ала финансылык-экономикалык эсептөөлөр боюнча 250 млн сомду түзөт.


Учурда Ооганстандын аймагында негизинен Кичи жана Чоң Памиринде болжол менен 1300гө жакын этникалык кыргыздар жашайт. Памирлик кыргыздар географиялык жана саясий обочолонуу шарттарында жашашат, бул саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызматтарга жетүүнү кыйындатат. Алардын олуттуу бөлүгү катаал климаттык шарттардан келип чыккан оорулардан, ошондой эле эркин жүрүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу негизги укуктардын жоктугунан жапа чегишет.


2008-жылдан тарта Министрлер кабинети тарабынан Ооганстанда этникалык кыргыздар жыш жайгашкан аймактарга гуманитардык экспедициялар жөнөтүлүп келет. Бул экспедициялардын алкагында медициналык жардам көрсөтүлүп, гуманитардык жүк жеткирилет. 2017-жылдан бери Памирден 172 этникалык кыргыздардын көчүрүлүшү уюштурулуп, алар үчүн Ош облусунун аймагында 23 турак жай курулган.


Көчүп келген үй-бүлөлөрдүн бардык балдары мектептен билим алуу менен камтылган, айрымдары мектепке чейинки мекемелерге барат.