"Памир кыргыздары" коомдук фондунун төрагасы Абдулвахил Турдакун уулу Ооганстандын Памир аймагынан Кыргызстанга көчүп келген кыргыздардын бир катар көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырууда. Ал өлкөгө көчүп келген бир ууч этностук кыргыздардын ичинде жарандык ала албай жүргөндөр бар экенин, жогорку окуу жайларда окуу кыйын болуп жатканын, буга өкмөттүн колдоосу зарыл экенин айтып берди. Ошондой эле ал президент кабыл алса, Памир кыргыздарына пайдалуу жеке…