Ааламдын чокусундагы аздектелген буюм

Ааламдын чокусундагы аздектелген буюм

Байзакова Асила энебиздин кымкап чапаны

(Чыгыш-Памир) Сары-Кол өрөөнүнөн алынып келинген кымкап чапан тарыхый чапан.


Бул кымкап чапанды чебер уз айым Айдай Асангулованын «Кийиз-дүйнө «фонду Мургаптын Көөнө-Коргон айылындагы Асила энеден алышкан. Асила эненин бул баалуу кымкап чапаны анын апасынан калган экен, апасы Асила эне алгачкы турмушка аттанган учурда белекке берген дешет.  2Асила энебиз Чоң-Алайдан Сары-Кол тарапка он жети жашында турмушка чыгып, өмүрүнүн акырына чейин Сары-Кол өрөөнүндөгү Көөнө-Коргон айылында жашап өткөн. Асила эне ушундай баалуу буюмдарды жоготпой аздектеп сактап жүрүп, салттуу билимдердин улантуучуларына 2013-жылы өз колу менен таберик катары тапшырыптыр.


Сактоо демек жаратуу! Биз Асила энени улуттук баалуулуктардын сактоочусу деп билебиз. Асила эне 1922-жылы жарык дүйнөгө келип, 2021-жылы 99-жашында дүйнөдөн кайткан. Ал Чоң-Алай өрөөнүнөн Сары-Кол тарапка он сегиз жашында турмушка чыгып, өмүрүнүн акырына чейин Көөнө-Коргон айылында жашаган. Биз сөз кылган кымкап чапандар өз доорунда тоо арасындагы элдердин өтө баалуу кийими катары бааланган.

 

 3  4


 5Улуттук мурастын сактоочусу

(Алыстан ааламга таанылган дүрия жоолук)


Баалуу мурастын сактоочусу Асила Байзакова кыргыз эллине таандык, көркөм саймаланган «Дүрия» жоолукту жоготпой аздектеп көптөгөн жылдар бою сактап келген. Асила Байзакова турмушка чыкканда, энеси ушул дурияны мурас катары берген экен. Асила эне бул баалуу буюмду сактап жүрүп, 2013-жылы Кыргыздын салттуу билимдеринин ээси Асел Калканова Көөнө-Коргон айылына барганда, таберик кылып саймалуу дүрия жоолукту өз колу менен аманат катары тапшырган. Асел Калканаова эжекебиз Асила энеден калган дүриянын сайма үлгүлөрүн өзгөртпөстөн, кайрадан жаңылап жарыкка чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз айымдарынын ажарын ачып келет. Асел Калканова Асила эненин айткан аманатын аткарып, дурияны коомчулукка кеңири таанытып, көптөгөн өлкөлөргө чейин барып атайын иш-чараларга катышып, кыргыздын көркөм саймаларын, улуттук кийимдерин даңазалап жүрөт. Эненин кылымдар бою сактаган дурия жоолугунун жолун уланткан Асел эжеге чын дилимден ыраазычылык билдирем.


Байзакова Асила эне Чоң-Алай өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, тагдырдын буйругу менен Мургап тарапка турмушка чыгып жашап калган экен. Асила эне Мургаптын Көөнө-Коргон айылында өмүр бою чарбада үзүрлүү эмгектенген, бир канча сыйлыктардын ээси болгон. Ал көптөгөн тарыхый окуяларды, каада-салтты, кыргыздын макал лакаптарын, жомок уламыштарын жакшы билет эле. Ал кишинин көптөгөн нуска кептери эл ичинде айтылып калды. Өмүрүнүн акырында Асила эне 99-жашында Көөнө-Коргон айылында дүйнөдөн кайтты. Биз Асила энени улуу мурастардын сактоочусу деп таанып, ар дайым сыймыктанабыз


КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

акын Өскөнбай Бердибаев

Тил жана маданият

№6 2025 жыл