Мен башта бир топ адамдардан угуп бирок, али көрө элек жер Кызыл-Арт ашуусунан кийин башталды. Бул ашууга чейинки көрүп келе жаткан арчалуу көк жашаң беттер, майда гүлдүү жылга-жыбыт, деги бардык болгон жашыл аалам этегин кесип ыргыткандай кубарды да калды. .Албетте, Памир дүйнөнүн чокусу деген сөздөрдү көп уккам. Бирок, ал бийиктиктин өңү кандай, ,даамы кандай, суусу кандай экендигин эч элестетпеген экенмин.…