
Ооган кыргыздары бир гана Памирде эмес, өлкөнүн бөлөк аймактарында да жашап келишет. Алардын акыбалы Памирдегилерден жакшы эмес. Жакырчылык жана сабатсыздык — алардын баш көйгөйү. Айрыкча кыздар менен аялдардын абалы оор: мектепке барууга тыюу салынган, ишке да орношо алышпайт. Көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келүү дегенде эки көзү төрт. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги алардын кетүүсүнө каршылыгы жок. Бирок, документтер менен оорчулук бар жана аны чечүү өтө татаал болууда.
Жалгыз Памирде гана эмес
Памир тоолорунан сырткары (Вахан коридору) этникалык кыргыздар Ооганстандын көптөгөн провинцияларында жашашат. Алар Кундуз, Фарьяб, Тахар аймактары, Мазари-Шариф, Кабул жана башка шаарлары. Жалпы жонунан өлкөнүн 20 провинциясында жашаары так белгилүү. Бул маалыматты дүйнөдөгү кыргыздарды бириктирген «Сары кол» коомдук бирикмесинин жетекчиси, санжыра изилдөөчү, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунда туулган, учурда Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынын тургуну Ражабали Кадыров чогулткан.
<<- Кырк уруу — кыргыз биримдиги" коомунун жыйынында дүйнөдөгү кыргыздардын так санын аныктоо маселеси коюлган эле
Ражабали Кадыров
Туристик виза ачтырып, ал Ооганстанга жөнөгөн. Бир нече провинцияларды кыдырып, ал жерлерде кыргыздар жашаарын аныктаган, ал-акыбалы менен таанышкан.
- Алар Ооган жерине түрдүү себептер менен барган: айрымдарынын ата-бабалары Курманжан Датканын уулу Абдылдабек менен барышкан, башкалары Сулайман удайчынын урпактары экен, кээ бирлеринин бабалары Кудаяр хан менен барышкан экен, - дейт маектешибиз.
Дагы бир муун, совет бийлиги орногондо Ооганга оогонго мажбур болуптур. Эми алардын учурдагы акыбалы тууралуу кеп салсак, басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алек. Мал кармагандар бар, соода иши менен алектер да аз эмес экен. Булар көпчүлүк. Арасында жогорку окуу-жайларда профессор болгондор, жада калса министрдин орун басарына чейин жеткендер да жок эмес экен. Бирок андайлар чанда.
- Амилла Памир аттуу кыргыз жигити чек ара жана улуттар иши боюнча министрдин орун басары болуп иштейт экен, - дейт коомдук бирикменин жетекчиси.
Бир топ боордоштор Фарьяб провинциясында жашап келишет. Аймак өлкөнүн түндүк-батышында орун алып, Түркмөнстан жана Иран менен чектешет. Дал ушул аймакта Курманжан Датканын уулу Абдылдабектин сөөгү коюлган экен. Ал жактан атактуу Датканын урпактарын таап, бул жактагы туугандары менен байланыштырдык, - деди Ражабали Кадыров.
![]() |
Абдымалик Бекзат 5-муундагы Абдылдабектин түз урпагы |
Жалпылап айтканда, маектешибиз Ооганстанда жашаган 100 этникалык кыргыздардын үй-бүлөсү же болжол менен бир миң киши тууралуу маалыматты тапкан.
- Алардын ичинен 55 үй-бүлө же болбосо 401 киши тарыхий мекенине кайтууну көздөшүүдө, - дейт маектешибиз.
Алар негизинен Кабул, Мазари-Шариф шаарларында жана Фарьяб, Кундуз, Тахар, Файзабад провинцияларында турушат.
- Алардын арасында Абдылдабектин урпагы — Абдымалик Бекзат мырза дагы бар, - дейт Ражабали Кадыров.
Суунун жана билимдин тартыштыгы
- Учурда өлкөдө акыбал абдан эле татаал экен, - деп башын чайкап айтууда маектешибиз.
Мисалы, Фарьябда кыргыздар дыйканчылык менен алек. Бирок, абдан суу тартыш жана адам чыдагыс ысык.
- Бирок, эң чон көйгөй - сабатсыздык! Кабулда бир кыргыз үй-бүлө бар экен. Алты кызы бар. Улуусу 23 жашта, кичүүсү 8де. Кыздары мектепке да бара алышпайт, ишке да чыга албайт. Үйдө отурушат. Атасы улуусун турмушка да бербей отурат экен. Анткени, биз тарыхий мекенибизге кайтсак, кыздарым калып кетет деп чочулайт. Жакырчылык менен сабатсыздык кокого жетиптир, - деп айтып берип жатты маектешибиз.
Азчылыгына карабай, кыргыздар кыргыздар менен гана кудаалашат. Такыр эле аз санда жашаса, башка улут менен куда болот экен.
Маектешибиз айтып берген дагы бир чоң көйгөй, - коопсуздук. Жаңы бийлик нечен жылдан бери созулуп келе жаткан согуш менен ири жаңжалдарды токтотун, өлкөдө тартипти орноткону менен, айылдарда эмдигиче чыңалуу бар. Себеби, катаал жылдары ар жерде талаа кол башчылары пайда болуп, алар дагы деле бийликке толук баш ийишпей, айылдарда өз тартиби менен өмүр сүрүп келишет экен. Айрым учурларда бир айылдын талаа командири башка айыл "үлкөнү«менен жаңжалдашып, ок атууга чейин барып турган учурлар жок эмес.
Тарыхий мекенге кайтуу тууралуу
Жогоруда айтылгандай, 55 үй-бүлө же болбосо 401 киши тарыхий мекенине кайтуу дегенде эки көзү төрт. Болгондо да, маектешибиз алар менен сүйлөшүп, алар өз мүдөөлөрүн так, ачык билдиришкен.
Бирок, ортодо чоң маселе жаралган - өздүгүн билдирген кагаз (паспорт) жана андагы «улуту» деген графасы.
Ражабали Кадыровдун айтуусу боюнча, 401 этникалык кыргыздын 300дө гана паспорту бар. Калган 101 адамдын эч бир документи жок.
Анысы аз келгенсип, паспорту барлардын дагы кемчилиги бар экен. Бул улуту тууралуу графасы. Кимдир бирөөнүн паспортунда улуту өзбек, башкасында түркмөн деп жазылып калган.
- Эмнеге мындай болуп калган? Жогоруда айтылгандай, көпчүлүгү сабатсыз. Паспорт алып жаткан учурда, улутту жазууга келгенде ал жакта бизге окшоп улутуңуз кайсы дебей, кайсы коомчулукка тиешелүүсүз деп сурашат экен. Эгер бир боорубуз өзбектер көпчүлүктү түзгөн жерде жашаса өзбек коомчулугунда жашайм, же түркмөн коомчулугунда жашайм деп жооп берип, «улуту» өзбек, түркмөн болуп калган. Негизи, Ооганстанда кыргыз, өзбек, түркмөн деп бөлбөй, жалпылап түрк коому деп коюшат экен, - дейт маектешибиз.
Маселе ушунда. Ооганстандын тийиштүү мамлекеттик органдары тарыхий мекенине кайтуу тууралуу маселе чыкканда каршылык билдиришпейт экен. Кайткыңар келсе, - ак жол. Алардын сураганы бир гана — кыргыз этносуна таандык экенинин далилин көрсөтүү.
Кыргызстандын мыйзамдарында Кайрылман программасы менен кайтып келген этникалык кыргыздарга тийиштүү жардам берүү каралган.
Бирок кайра эле этникалык таандыгын далилдөө зарыл. Далил келтирилген учурда кыргыз жарандыгын алуу жеңил болот.
- Далил катары Санжыра китебин көрсөтсө болот. Ооган өкмөтүндө сабаттуу, тил билген адистер бар жана котормодо маселе жаралбайт. Эң башкысы далил болсо эле болду, - дейт маектешибиз.
Дагы бир нюанс - азырынча эки мамлекет ортосунда дипломатиялык алакалар түзүлө элек. Бул дагы кандайдыр бир деңгээлде этникалык кыргыздарды алып келүүдө кыйынчылыктарды жаратат.
Биздин Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан кандай кадамдар болду деген сурообузга, Ражабали Кадыров төмөндөгүдөй жооп берди.
- Президенттин администрациясына 29 жолу (!) кат жолдодук. Алар Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнө жиберет, ал Алай районунун акимине жиберет, алар биз менен жолугат дагы, силер сөзсүз президент менен жолугушуңар керек экен деп, кайра президенттин аппаратына жиберишет, ал эми президент аппараты кайра Ошко жиберет....
Жыйынтыктап айтсак, Ражабали Кадыров, Ооганстандагы этникалык кыргыздардын абалы оор экенин жеткиргиси келип жүрөт. Ачарчылык чегине жетип калган жакырчылык, сабатсыздык, келечекке болгон үмүттүн жоктугу жана баары биригип келип, — этнос катары жоголуп кетүү коркунучу.
Бир бөлүгүнүн паспортторунун жоктугу, барларыныкында улуту деген жери башка улут аталышы жазылып калганы, - алардын тарыхий мекенине кайтып келүүсүн жана жарандык берүү маселесин ого бетер оорлоштуруп жатат.
<<- Жалгыз коомдук уюмдардын күчү менен көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес. Мамлекеттин жардамы зарыл. Бизге президент менен жолугушуу керек болууда. Андан соң, өкмөттүн өкүлү менен, Ооганстанга барып, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер менен жолугуп, этникалык таандыгы тууралуу далилдерди көрсөтүү керек. Маселе оңунан чечилсе, бир боорлорубузду кайтаруу процессин баштоо керек.
Ражабали Кадыров
Маектешибиз белгилегендей, документ маселесинен сырткары, кайтып келүүнү самагандардын басымдуу бөлүгү жакыр турмуш кечирип келишет. Алгач мезгилге жашап турууга деген акчаны кой, жолго төлөөгө каражаттары жок. Бул дегендик, аларды кайтаруу менен үй, жумуш орун, билим берүү маселелерин чечүү милдети дагы турат.
Ражабали Кадыров дипломатиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү каалаган жана каалагандар менен маселени чечүүнүн жолдорун талкуулоого даяр экенин кошумчалады. Аны менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот: 0508041691 жана 772117182.