Тажикстандын тил комитети этникалык кыргыздар көп жашаган Мургаб районун Маргеб жана Каратегин аймагын Раштонзамин деп өзгөртүүнү сунуштады. Тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминология комитети өлкө аймагындагы 12 миңден ашуун калктуу конуштун, анын ичинде райондор менен айылдардын аталыштары тажик тилинин ченемдерине жана эрежелерине туура келбей турганын билдирди. Алардын 5 миңден ашуунун өзгөртүү сунушталып жатканын Тил жана терминология комитетинин төрагасы Олимжон Мухаммаджонзода…