Этникалык кыргыздар

“Сары-Кол жаштары” коомдук бирикмеси

“Сары-Кол жаштары” коомдук бирикмеси

Арбаныздар кадырман калайык калкым, кымбаттуу Сары-Кол элим. Бүгүн Сары-Кол эли эле эмес дүйнө эли чачыранды болуп турган заманда, агыл-төгүл, оор-кыйыш учурда баарыбыз биригип, бирдиктүү иш алып барып, ыйык Сары-Кол жергебиздин дагы келечегин ойлоп, бири-бирибизге арка бел болчуу учур келди. Айталы дегенибиз бүгүнкү күндө жергебиздеги жаштар, жаш үй-бүлөлүлөр агылып эле жер которуп шаарды көздөй чуркоодобуз. Биздин ыйык жергебиз, өз диалектибиз, өз…

Доор кезген уруу: алдыда кандай тагдыр?

Доор кезген уруу: алдыда кандай тагдыр?

Үркөр, үркөр – үч жылдыз, Үркүп кайда барасың? Элдик ырдан. Ооганстандын Вахан өтмөк өрөөнүндө жашаган кыргыздар жөнүндө белгилүү документалист-кинорежиссёр Жаңыл Жусупжандын чоң экранга чыга элек, аты да коюла элек тасмасын жабык көрсөтүүдөн кийинки ойлорумду бөлүшөйүн деп чечтим. (Les prisonniers de Wakhan / "Ваханга камалгандар" - ооган кыргыздары жөнүндө алгачкы толук метраждуу тасманын операторлору Кристиан Ленонг жана Жаңыл Жусупжан, кураштырган Седрик…

Апийим соодасына азгырылган келин

Апийим соодасына азгырылган келин

Кандай да болсо каражат табуу аргасы пенде баласын эмне деген тоскоолдуктарга кабылтпайт. Бурулкан Бакееванын аңгемесинде азыркы жашоо-турмуштагы татаал тагдыр, чиедей балдарын кантип багуунун аргасын издеген келиндин аракети сүрөттөлөт. "Баңгизатты кайда бекиттим?" Бул суроого жоопту окурман бериши керек. Автордун өзү да табышмактын жандырмагын туюк калтырып: "Кунт коюп окуган адам оңой эле таап алат" деп сыр капкагын ачпай, "ким таап алса, детектив…

Кол өнөрчүлүк "Улуу Мурас" (сүрөт)

Кол өнөрчүлүк "Улуу Мурас" (сүрөт)

Кол өнөрчүлүк Сары-Кол кыргыздарынын ата-бабаларынан калган улуу мурас. Тээ илгертеден бери эле Сары-Колдук кыргыздар кол өнөрчүлүктү жогору баалап аздектеп келген. Тоо арасында жашаган кыргыздардын жашоо турмушу, мергенчилик , мал-чарбачылык, жана башкалар баардыгы кол-өнөрчүлүккө тыгыз байланышкан. Илгери Сары-Колдогу усталар ошол жердеги (Сейнөстөндөгү) күкүрттөн ок-дарыларды жасашкан экен. Тоо арасындагы колу чебер усталар мергенчиликке ылайыкташкан атайын мылтыктарды, капкан-тузактарды ат, өгүз, эшек, төө жана…

Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу 2022-жылы башталат (сүрөт)

Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу 2022-жылы башталат (сүрөт)

Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу 2022-жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памир кыргыздары менен болгон жолугушууда билдирди. "Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бүргөндү-Суу тилкесин бөлүп, калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарчанын курулушуна капсула салды. Азыр иш жүрүп жатат. Министрликтин ушул жылдагы…

Кыргыз-тажик чек арасы: көчүп келгендер көбөйдү

Кыргыз-тажик чек арасы: көчүп келгендер көбөйдү

Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын катары калыңдады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кабарлашынча, Баткен облусунда жөнөкөй тартипте жарандык алуу үчүн жалпысынан 123 арыз түшкөн. Июль айынан бери беш адамга Кыргызстандын атуулдугу берилди. Коңшу мамлекеттен көчүп келген этникалык кыргыздардын жарандык алуу, документтерин даярдоо, иш кагаздарын ирээтке келтирүү өңдүү иштерин бүткөрүү үчүн Баткенде атайын…

Страница 8 из 127