Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук фонд түзүлүшү мүмкүн

Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук фонд түзүлүшү мүмкүн

Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук фонд түзүлүшү мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү сунуштады.


Анда Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча программа ЖМКларда жарыялангандан кийин коомдук уюмдар, фонддор жана жарандар колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдиришкен. Бирок гуманитардык жүктү ар бир уюмдун өз алдынча жеткирүүсү мүмкүн эмес.


"Ушуга байланыштуу этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү кайрымдуулук фондун түзүү сунушталууда. Ал бардык уюмдардын атынан иш алып барып, гуманитардык жүктү Кыргызстан элинин атынан жөнөтмөкчү", — деп жазылат маалыматта.


Министрлик учурда Памирде болжол менен 1300 этникалык кыргыз жашаарын кошумчалады.