Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл-өткөрүү пункттары ишин жандантты

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл-өткөрүү пункттары ишин жандантты

Бүгүн, 8-июлда, Ош облусундагы «Карамык» жана «Бордөбө» көзөмөл-өткөрүү пункттары кайрадан ишин жандантты.


Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылышына Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон видео-байланыш аркылуу катышты.


Чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрүү пункттары ишке толук даяр экенин маалымдашкан соң, президенттер тиешелүү буйруктарды берип, эки тараптан тең шлагбаумдар көтөрүлдү.


Бул окуя Садыр Жапаровдун Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында ишке ашты.

 

kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-k-z-m-l-tk-r-punkttary-ishin-zhandantty 5 kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-k-z-m-l-tk-r-punkttary-ishin-zhandantty 4