- Кылымдар бою ынак жашап, бир тууган болуп, кыйынчылык учурда бири-бирине кол сунуп келген кыргыз-тажик элдери соңгу жылдары ыркы келишпей ок чыгарып, канчалаган күнөөсүз инсандардын канын төгүп саясий дагы кошуналык дагы мамилеси жыдып барат. Талашканы жер. Бул жерде илгери эки эл эгиз улактай күн кечиришсе, азыркы убакта суз мамиледе. - Мындан бир ай мурун адаттагындай эки элдин ортосунда жаңжал чыгып…