Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы Ооганстан менен чектешкен Мургаб районунда жашаган кыргыздар коңшу өлкөдөгү окуяларга кабатырлануу менен карап турат. Алардын учурдагы абалы тууралуу ошол жерде төрөлүп өскөн, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөндөн кийин көптөгөн республикалык гезиттерде эмгектенген, азыркы учурда "Жаңы ордо" гезитинин башкы редактору, таанымал журналист Зулпукар Сапановду кепке тарттык. - Зулпукар мырза, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы…