Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды

Афганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылып, аларды туура колдонуу жана ооруларды алдын алуу, мал ылаңдарын туура дарылоо боюнча окуу өткөрүлгөн.

 

pamirlik-kyrgyzdarga-zhardam-zhetkirilip-darygerler-menen-veterinarlar-da-bardy 1 pamirlik-kyrgyzdarga-zhardam-zhetkirilip-darygerler-menen-veterinarlar-da-bardy 2

 

"Экспедиция менен бирге кардиологдор, тиш доктурлар жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу да барды. Алар 765 адамга медициналык жардам көрсөтүштү. Төрт жүздөн ашыгы аялдар жана балдар болду", — деп айтылат маалыматта.


Гуманитардык жардам жеткирген топту эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеп барган. Ал Афганстандын Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары менен жолугуп, этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу, алардын түрдүү көйгөйлөрүн чечип берүү боюнча маселелерди талкууга алган.

Министрликтин билдиришинче, Памирде болжол менен 1300 этникалык кыргыз жашайт.