Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунда жашаган памирлик кыргыздардын абалына мониторинг жүргүзүп келишкен Акыйкатчы А.Абдрахматова жетектеген топ, мамлекеттик органдарды андагы көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды. Ушуга байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги Жыпара Мамбетованы кепке тарттык. - Жыпара айым, өткөн жылы Памирде жашаган кыргыздарды белгисиз дарт каптап, бир тобу каза тапкандыгы боюнча маалымат тараган. Быйыл ал…