Урпактарга калган улуу мурас (сүрөт)

Урпактарга калган улуу мурас (сүрөт)

Сары-Кол (Чыгыш Памир) кыргыздарында тээ илгертеден эле илим - билимдүү эшен- молдолор, ырчы газалчылар (казал), дастанчылар, улуу ойчул акылмандар, даанышман жазмакерлер жана башка көптөгөн кат сабатуу инсандар жашап өткөн экен. Буга далил Сары-Кол өрөөнүндө биз жашап жаткан мезгилден 200-250 жылдар илгерки кол жазмалар (китептер) бүгүнкү күнгө чейин сакталып калуусу.


Бул кол жазма китептерди Сары-Кол жергесинен чыккан чыгаан (бул киши өзү да илим-билимдүү болгон) инсан Ташбеков Жээнбек аксакал өмүрүнүн акырына чейин сактап, уулуна мурас катары тапшырып кетти. Бул китептерди Жээнбек аксакалга атасы мураска калтырган экен. Бул тарыхый мааниси бар кол жазма китептер атадан - балага мураска калып кылымдардан бери жоголбой сакталып келе жатат.


Аксакалдын уулу Асамидин аканин айтуусунда бул китептер жети- сегиз даана көлөмдүү китептер, арап тамгасы менен жазылган, кол жазмалардын басымдуу бөлүгү чагатай тилинде жазылган. Бул кол жазма китептердин ичинде ырлар, газалдар (казал), ай-күн аталыштары, жыл-эсептери, ыйык куран сүрөлөр, салаваттар жана башкалар камтылган.


Кылымдарды карыткан бул кол жазма китептер Сары-Кол кыргыздарынын тарыхый, маданий мурастарынын маанилүү өзөгү ( далили). Көптөгөн жылдар бою бул баалуу кол жазма китептерди жоготпой, айрыбай аздектеп сактап урпактарга улуу мурас катары калтырып кеткен Ташбеков Жээнбек атабыздын опол - тоодой чоң эмгеги эч качан унутулбайт. Кылымдар бою сакталып калган бул кол-жазма китептер, келечек муунга баалуу тарых.


Ташбеков Жээнбек аксакал 1945-жылы Сары-Кол өрөөнүнүн Аличор айылына караштуу Ак-Жар (Кытай-Моло) деген жерде туулган.1950- жылы беш жашында Булуң-Көл айылында биринчи класска окуган. 1960-жылы Мургаптагы В.И.Ленин атындагы орто мектепти аяктаган. 1963-68 жылдары Душанбе шаарында Селхоз институтта окуган. Таджселхоз институтунун жогорку окуу жайын бүткөн. Кесиби экономист, зоотехник. Окууну бүтүп келгенден баштап Мургап Районунда партиялык чарбалык кызматтарда пенсия курагына чейин алгылыктуу иштеген. Көптөгөн сыйлыктардын ээси. 2018-жылы 73 жашында дүйнөдөн кайткан.

 

urpaktarga-kalgan-uluu-mura 2 urpaktarga-kalgan-uluu-mura 3
urpaktarga-kalgan-uluu-mura 4 urpaktarga-kalgan-uluu-mura 5