Миталип Жумабаев ким болгон?

Жазуучу, акын жана журналист, кыл калем сүрөтчү Жумабаев Миталип Касымович 1948-жылы Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургап районуна караштуу Ыраң-Көл айыл советинин Суу-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Мургаптагы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз ССРинин Ош облусундагы Мамлекеттик Педагогикалык институттун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу адистигин бүтүргөн.

 

 1 1  1 4

 

Миталип Касымовичтин бир катар чыгармалары «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» гезит-журналдарына жарык көргөн. Анын «Калпак», «Данакер», «Кадича» аттуу аңгемелери жана «Аркарлар түнөгүнөн кайта элек» аттуу очерктери, ошондой эле Советтик Памир, ал жердеги адамдар жана тоолор тууралуу жазылган ырлары Мургаптык кыргыздардын арасында түбөлүккө сакталып калган.


Миталип Жумабаевдин «Аркарлар түнөгүнөн кайта элек», «Сары-Колум» аттуу китептери жарык көргөн. Ал таланттуу адамдарды өтө жогору баалап, аларды урмат-сый менен жакшы көрчү. Алыскы Памир тоолорунун арасындагы чакан шаарчадан Кыргызстандагы Дооронбек Садырбаев, Кармышак Ташбаев, Рыспай Абдыкадыров жана башка көптөгөн залкар инсандар менен кат алышып, тыгыз байланышта болгон. Ал Мургап районундагы кыргыз тилиндеги «Мургаб коммунистти» гезитине үзгүлтүксүз макалаларын жарыялап турган. Анда кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, адабий жаңылыктар, эмгекчил элге дем берген ырлар жана аңгемелер кеңири чагылдырылган. Миталип Жумабаев Мургап районунда көп жылдар бою Маданият жана райондук билим берүү бөлүмүндөгү «Мургап коммунистти» гезитинде жетекчилик кызматтарды аркалап, элине талыкпай кызматкылган.

 

 1 2  1 6  1 3

 

Ак көңүл, кыргыз эли үчүн күйүп-жанган бул инсан Кыргызстандан барган делегаттарды жогорку деңгээлде тосуп алып, дасторкон жайып, конок күтүп, тоолук кыргыз элине мүнөздүү меймандостукту көрсөтчү. Миталип Жумабаев маданият тармагында иштеп турган жылдары Мургапка Кыргызстандан көптөгөн акын-жазуучулар, ырчы-обончулар жана башка чыгармачыл инсандар келип турган. Ушул мезгилде Мургап эли менен Кыргыз ССРинин маданий байланыштары түзүлүп, жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул доорлор Мургап элинин эсинде түбөлүккө сакталып калды. Автордун ар бир тарткан сүрөтү же жазган чыгармасы тоо арасында жашаган элдин мүнөзүн чагылдыргандыктан, көрүүчүгө өзгөчө сезимдерди тартуулачу.

 

 1 7  1 8  1 5

 

Миталип Жумабаев 2005-жылы каза болгон. Андан бери далай жыл өттү, далай суулар акты. Мен Миталип Жумабаев агабыздай таланттуу инсандар унутулуп калбай, элдин эсинде түбөлүк сакталып калсын деген изги тилек менен бул эскерүүмдү жаздым. Тээ бийик тоолордун арасында жылт этип шооласы жанып өткөн жылдыздар демек, көктөгү мейкиндикте түбөлүк чексиз учат. Сиз да ошол жылдыздардын бирисиз, Миталип Жумабаев агай!

 

ПАМИР

Памир – дүйнөнүн төбөсү,

Ааламдагы бийиктиктен

Рекордсмен өзү. Ленин, Коммунизм чокулары –

Көктү челип төбөсү.


Таштардын дүйнөсү,

Түзүлгөн катуулуктан –

Корумдардын көбү. Гиндукуш, Сары-Кол кырлары –

Чубашып, чиркешкен төөбү.

Памир – сулуулуктун дүйнөсү,

Минерал, дары суулардан –

Булактын көзү. Гарм-Чашма, Бахбур-Ата булактары – Оргуштап түгөнбөс мөлбү.


Памир – Поэзиянын дүйнөсү.

Алыкулдан, Миршакардан

Ыр жаңырат жери. Гунт жана Мургаб дайралары –

Күрпүлдөйт күткөндөй теңи.

Автор: Миталип Жумабаев

 

Алыскы Мургаптан кат

Бул каттарда алыскы Мургап районунан Миталип Жумабаев Кыргызстандагы боордошторуна кат жазышып, тыгыз байланышта болуп турганын көрүүгө болот. Кантсе да бир боордош кыргыздар кайсы жерде болбосун, алыскы аралыкка карабай кат алышып, адабият жана маданият тууралуу жаңылыктарды бөлүшүп, ак мөңгүлүү тоолордун арасынан сагынычтуу саламын ак баракка жазып жолдогонуна өткөн жылдар күбө. Ошондон бери дээрлик кырк жылдай убакыт өтүптүр. Бул – биз үчүн чоң сабак. Биз да Кыргызстандан алыскы боордошторубуздан кабар алып, маданий байланыштарды улап, алыскы Мургап кыргыздарына кыргыз тилиндеги адабий китептерди жана мектептерине окуу куралдарын жөнөтүп, аларды көңүл сыртында калтырбай, ар дайым эске алып жүрсөк, адамдык жана боордоштук милдетибизди аткарып, өткөн муундардын жолун улайт элек. Дегинкиси эле – Ала-Тоодон алыскы кыйырдагы боордошторубуз көңүл сыртында калбаса деген тилегимди билдирем.


Акын Өскөнбай Бердибаев

Тил жана маданият

№6 2025 ж