Тээ батыштан Гитлердик Германия кол салган учурда Ахмат аба ошол кездеги өзү курактуу жаш жигиттердин катарында кан майданта аттанган эле. 133-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн эле. Кандуу 1943-жылда Сталинградды коргоого алардын полку да катышкан эле, ошол дем алышсьз салгылашууга Ахмат абанын катышканы сыймыктуу. Сталинград үчүн болгон салгылашууда жолдоштору менен курчоодо бир айдан ашык болгон, бирок багынып беришкен эмес. …