"Азаттыктан" коңшу мамлекеттердеги кыргыздарга арналган "Элимдин көрөңгөсү" түрмөгүнүн кезектеги санын сунуштайбыз. Бул ирет Тажикстандын Мургаб районуна жана жалпы эле этникалык кыргыздарга арналган Сары-Кол сайтынын негиздөөчүсү Абдижамил Примбердиев менен маектештик. Кыргызстанда "Сары-Кол" деген сайтты көпчүлүк биле бербейт, себеби ал тажикстандык, негизинен мургабдык кыргыздарга арналган. Анткен менен коңшу өлкөлөрдө отурукташкан кыргыздар үчүн анын мааниси баа жеткис. Анткени ошол эле Тажикстандын Жерге-Талындагы…