Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов, шаардын борбордук стадионунда 8 жылдан бери жашап келе жаткан Калбүбү Жамиловадан, анын жалпыга маалымдоо каражаттарына маек бербөөсүн талап кылды. Бул тууралуу Калбүбү Жамилова аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мэрия кызматкерлери Turmush басылмасына берген маеги канчалык деңгээлде чын экендигин сурашкан. Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 8 жылдан бери эки баласы менен жашап…