КРнын Түркиядагы элчиси Анкарадагы кыргыздар менен жолукту (видео)

КРнын Түркиядагы элчиси Анкарадагы кыргыздар менен жолукту (видео)

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов баштаган топ Анкаранын четиндеги Чубук районуна барып, Вандан көчүп келген кыргыздардын ал абалын сурап, райондун башчысы менен жолугуп келди. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

 

Жолугушуудан кийин Анкарадагы кыргыздардын суранычы менен элчи баштаган топ Чубук аймактык музейин кыдырышты.

 

Музей экспонаттары аркылуу, жергиликтүү элдин жашоо-шартын,маданиятын айтып беришти.

 

 

Андан соң Ван кыргыздары жашап жаткан аймак менен таанышуу болду. Мекендештер элчи баштаган конокторго өздөрүнүн жашоо-шарты,улуттук каада-салт менен тилин унутпай жашап жатышкандыгын, дайыма Кыргызстанды,кыргыз элин көрүүнү эңсешерин айтып беришти.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены