Түркиянын Ван шаарындагы Эржиш районунда жашаган кыргыз диаспорасы кечээ, 31-майда райондун жаңы жетекчилери жана тургундар үчүн «Улуу Памир» таанытуучу майрамын өткөрүштү. Бүгүн, 1-июнда Cihan маалымат агенттигинен маалым болгондой, иш-чараны Ооганстандын Памир аймагынан 1982-жылы Түркияга көчүп келген кыргыздар уюштурушкан. Белгилей кетсек, иш-чара түрк жана кыргыз гимни менен башталып, кыргыздардын улуттук кийимдери, тамак-ашы, фольклору жана ырлары көрсөтүлдү. Аны…