Кытайлык кыргыздардын чыгаан санжырачысы Төлөк Төрөкан. 13.7.2014. Аңыз кыштагы, Артыш, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. Кытайлык кыргыздардын бараандуу санжырачыларынын бири Төлөк Төрөкан топтогон мол маалыматтын бир бөлүгү КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда айрыкча китеп болуп чыккан. Ал айткан санжыралык маалыматты этнографтар салыштырып иликтеп келишет. Анын санжырасына караганда, кыргыздар Теңир-Тоонун чыгышында көп кылымдардан бери байырлайт. Айрым замандаштар кыргыздар Кытайга 1916-жылы…