Түпкү Мекенге түшкөн жол

Түпкү Мекенге түшкөн жол

(Жол очерки)

 

Ар бир элдин түпкү мекени болот эмеспи. Улуу тоолордун арасында өмүр кечирип келе жаткан Сарыкол, же көпчүлүк учурда аталып жүргөндөй памир кыргыздарынын да түп мекени Кыргызстан болуп саналалары шексиз. Анткенимдин да себеби бар. Кайсы тарыхты окубайлы, же аксакалдардын айткан санжыраларына кулак төшөбөйлү биздин бардыгыбыздын түпкү тегибиз ошол тараптан чыгат, ошол тарапка барып такалат. Биз тээ илгертен бери эле түп мекенибиз болгон Кыргызстан менен, тыгыз байланышып, чындыгын айтканда Тажикстанда жашап турганыбыз менен, ал жак менен бүткүл тамырыбыз менен катташып турабыз.



Совет доорунда мындай карыкатнаш күндөлүк эле жашообуздун бир бөлүгүндөй болуп анча билине бербесе эле. Союз ураган мезгилден баштап коңушулаш турган Кыргызстан менен болгон байланышуу башка нукка түшкөндөй болду. Айтайын дегеним, мурдагы Союздук республикалар ар бири өз алдынча мамлекет болуп, өз ара катташуу маселесинде бир катар өзгөрүүлөр болуп, байланыш маселеси негизинен сода сатык иштери менен болуп калгансыды. Айрым учурларда гана, тууганчылап, барып келгендер болбосо, байланыш көбүнчө жашоо, турмуш кечирүү маселесине гана байланышып жаты.

 

Ошентип турган учурубузда 90-жылдардын башындагы саясий, эканомикалык кырдаал айрым жердештерибизди Кыргызстанга көчүүгө мажбурлады окшойт, жүктөрүн артынып түп мекенге кетип жатышты. Бул дагы кыргыздардын түп мекени Кыргызстан экенинен кабар берип турду. Ошентсе дагы өздөрүнүн киндик каны тамган, ата бабабыз мекендеген түбөлүк турак жайын мекендеген Сарыкол элибиздин көпчүлүк өз коломтолорун муздатпастан улуу тоолордун арасында турмушун өткөрүп, тукум улап келүүдө. Алар кандай болгон күндө да Кыргызстандын бардык жашоосу, турмушу, анда болуп жаткан окуялардан кабардар экендиктерин айта кетүү керек. Сары-Кол жергесинин ар бир жашоочусу түп мекенибиз Кыргызстандын ийгиликтерине кубанып, көйгөйлөрүнө күйүнүп, өз даргөйүндө анны менен бирге болуп жашап келүүдө.

 

Ноябрь айынын аяк ченинде түп мекенибизге, жолубуз түшүп бир топ болгон адамдар Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында болуп кайткан элек. Анда кеп учугу башынан, ирети менен болсун.

 

Сапардын башталышы

 

Алгач сапарыбыздын башталаар алдындагы, даярдык иштери туурасында айта кетейин. Ошол күнү түштөн кийин райондук газетанын материалдарын тактап, аны терүүгө даярдап отургам. Ноябрь айынын башы эле. Компьютердеги текстерди эми окуп, аларды бир сыйра карап чыктым. Ошол мезгилде чөнтөк телефонум чырылдап калды. Алсам, биздин райондогу АКТЕД деп аталган эл аралык уюмдун координатору Сүйүнбек Тажидинов деген жигит экен. Телефондон ал абалды сурашкандай соң ал: -Агай, бош болсоңуз бизге бир келип кетпейсизби?- деп калды. Мен күндүн кечтеп баратканынан:

 

-Макул, бирок эртең эрте менен бара кетейин дедим. Сүйүнбек бир аз кармалып.

-Бүгүн эле келсениз жакшы болот эле, сүйлөшө турган сөздөр болуп жатат –деди.

 

2Мен бул сөздү четке кага албай дароо эле макул болдум дагы, жөнөй баштадым, анткени АКТЕД уюумунун имараты менин үйүмдөн анча алыс эмес эле. Ал жерге дароо эле жетип бардым. Сүйүнбектин кеңсеесине кирсем ал мени күтүп жалгыз отуруптур.

Ал мени көрөрү менен эле:

-Ээ жакшы келдиңиз, сиз менен да сүйлөшөйүн дедим-эле деп, столго отурууну сунуштады.

-Ии, эмне болду,-дедим мен да анын өңүнүн бир манилүү нерсени айтарын байкап.

 

-Бишкек шаарына биздин райондон бир топ адамдарды ушул айдын аягында алып баруу керек болуп жатат ошол топтун курамына сизди да райондогу жалгыз журналист катары кошуп жатабыз, буга кандай дейсиз-деди. Мен андан бул топ эмнеге барарын, кимдер барарын так түшүндүрүп берүүсүн сурандым эле ал буларды айтып мага түшүндүрүп берди:

 

-Жакында биздин донорубуз болгон Кристенсен (TCF) фондунун өкүлдөрү биздин АКТЕД уюумунун бир катар изилдөө үчүн келишти. Ал өкүлдөрдүн арасында Алибек Отамбеков-Тажикстандагы TCFтин өкүлү, Эржен Хамаганова Кристенсен фондунун Борбордук Азия жана Түркиядагы программасынын жетекчиси, Жылдыз Доолбекова-Кристенсен фондунун Борбордук Азия менен Кыргызстандагы өкүлү келишкен. Биздин АКТЕД уюмубузду төрт беш жылдан бери ушул Кристенсен (TCF) фонду каржылап келүүдө. Бул өкүлдөр Мургабка келишип АКТЕДдин иши менен толук таанышып, аларды изилдеп, жасалган иштерди, долбоорлордун ишке ашырылышын карап чыгышты. Биз аларга бардыгын көрсөтүп, бул жакта кандай долбоорлорду ишке ашырса боло тургандыктарын айтып сунуштарды бердик. Эржен Хамаганова жетектеген бул топ; райондун төрагасы Мурзабай Жоошбаевдин кабыл алуусунда болуп, аны менен жолугушуп, алдыдыгы пландарды талкуулашты. Биз аларга көптөгөн долбоорлоду сунуштадык эле, алар аны кабыл алышып келечекте аларды каржылап берүүнү убада кылышты. Бул Кристенсен фондунун өкүлдөрү Аличор, Ыраң-Көл жана Кара-Көл аймактарында болушуп АКТЕДдин жасаган иштерин өз көздөрү менен көрүшүп таанышып чыгышты.

 

Ошол мезгилде маданий, элдик нарк насилди сактоо боюнча кандай проблемалар бар деп сурап калышты. Ошондо мен, союз мезгилинде Мургаб жергесине залкар комузчулар, ырчылар, жазуучулар жана артистер келип турушар эле, союз таркагандан соң бул нерселер жоголуп кетти, ошолорду кайра жандандырсак деген сунушту айттым, андан тышкары эгерде Кыргызстанда маданий массалык иштерге байланышкан иш чаралар болуп калса Мургабтан чакырсаңыздар да жакшы болор эле деген оюмду айттым. Муну Жылдыз эже колдоп бул жакшы ой экен, андай мүмкүнчүлүктү издерин айтты. Ошондон көп өтпөй эле, алар Бишкектен кат жолдошуптур. Андан ноябрь айынын аягында, Бишкек шаарында «Комуз күүлөрүнүн анталогиясы» аттуу китептин биринчи томунун бет ачары боло тургандыгын айтып, ага Мургаб районунунан бир топ түзүп келүүнү өтүнүп чакырыптыр. Так ошол күндөн баштап мен бул топту түзүүгө кириштим. Топко райондун бардык аймагынан комузчу, ырчы, кол өнөрчү, уста, анан дагы жазуучу сыяктуу чыгармачыл адамдарды алып баруубуз керек болду, анан дагы бул топко райондогу жалгыз журналист сизди да киргизүүнү тура таптык. Топтун тизмесин мен тактадым, аны райондун жетекчиси колдоп өз макулдугун берди. Эми биз Кыргызстандын борборуна барып өзүбүздүн болгон кол өнөрчүлүгүбүздү, чыгармачылыгыбызды көрсөтүшүбүз керек, буга кандай дейсиз-деп сөзүн бүтүрдү Сүйүнбек.

 

Мен бул сунушка макул экендигимди билдирдим дагы үйгө кайра тарттым. Кыргызстандын борбор шаарына барууну топтун курамы менен мен анын эртеси таанышып чыктым.

 

Айтмакчы, бул адамдар жөнүдө да азыноолок кеп кыла кетүүнү туура таптым. Алгач бул топту уюштурган Тажидинов Сүйүнбек туурасында айтсак, бул жигит бир катар жылдардан бери, эл аралык уюмдар менен иштеп көптөгөн долбоорлорду, айрыкча элдин салттык маданиятын өнүктүрүүдө көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан, ишкер жаштардын бири. Аны менен бирдикте так ошол АКТЕД эл аралык уюуму тарабынан «Сарыкол комуз куулор жыйнагы»деген MP3 диск чыгарган, «Сары-Кол легендалары» деген кооз жыйнакты чыгарып ага Сары-Кол жериндеги легендаларды киргизгенбиз эсимде, бул Сүйүнтбектин патриоттук демилгеси менен жаралган көзгө көрүнөрлүк эмгек болуп калды. Мына ушундай жигиттредин бар экендигине кантип жүрөгүн жылыбасын.

 

Ал эми топко киришкен Орозбаев Кеңешбек, Раимжанов Курбанбай, Сатаров Мамасали болсо, булар накта Сары-Кол кыргыздарынын патриот жигиттреи деп атоого толук татыктуу эрлер. Анткени кайсы маданий иш чара болбосун алар өздөрүнүн чыгармачылык жигиттреи менен киришишип, аны иш жүзүнө ашырып келе жатышат. Жүндүбаев Зиябидин өз алдынча музыка менен алектенип келе жатат. Анын музыкалык чыгармалары өзү жашаган райондон да тышкары чыгып, Кыргызстандын да айрым жерлерине тараган. Бул чыгармачыл топко кирген аксакалыбыз Алымкул Акназаров тууралуу бул кыска баяныбызда бардыгын айтуу мүмкүн эмес. Кыскача айтсак Алымкул агай көп кырдуу талант. Ырчы десең ырчы, жазуучу десең жазуучу, драматург, демек бул да татыктуу адам. Боз үй жасаган Балтабай Үсөнов, райондук бийликтин өкүлү Козубеков Абылкасым да бул топтун белдүү өкүлдөрү болуп саналышат. Ал эми «Як Хаус» уюумунун жетекчиси Сары-Кол жергесинин кол өнөрчүлүгүн көп жылдан бери даңазалап келе жаткан кызыбыз Жумагүл Ибраимова жөнүндө кантип айтпай коёсуң. Анын демилгеси менен ишке ашырылган «Чыгыш Памирдин искуствосу» деген каталогдун долбоору көптөгөн жакшы пикирлерди жаратпадыбы.

 

Кыскасы ушундай топко кошулуп түп мекенибиз Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына барып келүү мен үчүн бир жагынан чоң толкундоону жаратты, анткени ал менин жалындуу жаштыгын өткөн шаарды бир кыйла жылдан соң барып кайра көрүүгө мүмкүнчүлүк ачса, экинчи жагынан улуу тоолорду мекендеген бир ууч кыргыз элинин өкүлү катары ал жерде сөз айтып, тоолуктардын маданиятын баяндоо жоопкерчиликти жаратты. Ооба бул сапар бардыгыбыз үчүн эле ошондой болду көрүнөт. Ал ортодо Сүйүнбек бизден мурда Бишкек шаарына сапар алды, анткени ал жакта да айрым уюштуруу иштерин жүргүзүү зарылчылыгы бар экен. Ноябрь айынын 15инде чөнтөк телефон аркылуу, уюштурулган топ 21-ноябрда Мургабтан жөнөп чыгаарын айтты. Ошентип бардыгыбыз бул сапарга аттанууну күтүп калдык.

 

Жолдо

 

Ноябрдын 21инде таңкы саат 6да жолго чыктык, Суук күздүн абасы бизде кадимки кышты элестетип турду. Бардыгыбыз, Мамасалинин УАЗына олтуруп, райборбордон алыс эмес жайгашкан Көөнө-Коргон айылындагы Балтабай устаны алганы анын үйүнө бардык. Ал дагы шайланып күтүп отурган экен дароо эле чыгып машинага отурду. Ал жерден түз эле Бекжол Атага чыгып чоң жолго түштүк, да бетибизге бата тартып кудай деп жөнөдүк. Кызыл-Даңгинин туш чегине келгенде, таңкы багымдатты машинанын ичинде эле Кеңешбек, Курбанбай окуп коюшту. Сапарга чыкканда намаз окуунун эрежеси ошондой болсо керек.

 

Рульда Мамасали болуп, жалпыбызга Жумагүлдү жетекчи кылып дайындашыптыр. Ошондуктан бардыгыбызды Бишкекке жеткирүү Жумагүлдүн назик ийинине жүктөлгөн. Бийиктиги 4000 метрден ашкан Ак-Байтал ашуусун эңкейгенибизде күн жерге толук жайылып тийди. Эң оболу машинанын ичинде эч ким сүйлөбөй бир кыйлага чейин тым тырстык өкүм сүрүп жатты. Оо бир оокумда гана бири бирибиз менен өткөн кетекнди сөз кылып отуруп бир кезде Кара-Көлгө келгенибизди гана туйдук. Ал жердеги ашканадан таңкы тамагыбызды ичип андан ары сапарыбызды уладык.

 

Зымыраган машинанын жүрүшү Маркан-Суу өрөөнүнө келгенде жайлап калды. Жалду катар шамал карга уютуп салыптыр. Мамасалинин мөңгүгөн УАЗы ал уютулган карларды жиреп отуруп Кызыл-Арт ашуусундагы бажы постуна келип токтодук. Бардыгыбыздын көңүлүбүз жайдары. Бажы кызматкерлери бизди тосуп алып документтерибизди каттоодон өткөрүп жатып, үч күн катары менен улуңшуган борон жолду бекитип салагндыгын ашуунун тазалаган тракторлордун бузулуп калгандыгын айтышты. Буга көңүлүбүз бир аз чөккөнү менен Мамасалинин «бара көрөбүз коркпоңуздар, бул жолду далай баспадыкпы» деген сөзү бардыгыбызды чыйралтты. Тобокел деп жолубузду уланттык. Айткандай эле Кызыл-Арттан эңкейгенбизде эле алдыда карга тыгылып турган жүктүү да жеңил да машиналарды көрүндү.

 

-Мына, сага тамаша, эми каяктан өтөбүз?- суроомо Мамасали: -Күрөп өтөбүз да, биздин жашоо ушундай-деп күлө жооп берди.

 

Чындыгында ал жерден машинанын алдындагы карларды күрөп, жүктүү машиналарды айланып өтүүгө туура келди. Андан ылдый жакта дагы эле баягы көрүнүш, жолдун ортосунда туруп калышкан жүктүү машинадан дагы экөө турат алардын артында ашуга чыгып келе жатышкан жеңил машиналар да бар.

 

-Минтип отурсак, Ошко эле канча күндө жетер экенбиз!-деди машинадагылардын бирөөсү. -Мындайда бардыгыбыз чогулуп машиналардын жолун тазалап, түртүп өз күчүбүздү аябашыбыз керек-деп Кеңешбек ток этер жерин айтты. Бул сөзгө бардыгыбыз макул экениюизди билдиргендей унчукпай калдык.

 

Ошентип ар бир кар күрткүгө тыгылган машиналарды тазалап, түртүп отуруп төрт сааттан ашык убакытта Кыргызстандын Бор-Дөбө чек ара постуна жеттик. Бул постто Алай, Ош тараптан келе жатышкан машиналар турушкан экен. Мындайда кайсы эле маалда болбосун саламдан кийин эле сапар тартып баратышкан жолоочулар жолдун чоо жайын сурашат эмеспи. Ощол эле адат боюнча «Алайка» деп аталган жолдун татаал участкасын жабылып калдыбы деп чочулаган биз алдыга озунуп Акжол деген жакын кошуна шоопур жигитти көрө коюп сурап калдык. Ал жолдун ачык жана тазаланып турганын айтканда гана оюбуз ордуна келип калгансыды. А биз болсо Кызыл-Арт ашуусунун татаал, кар көп экендигин Акжолшо айтып, азырынча тобокелге салбай эле жолдогу Сапарбайдын үйүндө тура турууну айттык.

 

Документтерибизди каттоодон өткөргөндөн соң андан ары сапарыбызды уладык. Акжол айткандай чынында эле жол жакшы экен. Бат эле Тажикстандын чек арасынан 40 километрдей турган Кыргызстандын Сары-Таш айылына жете келдик. Бул жерде түштөнүп алууну Мамасали сунуштады эле машинадагылар Талдык ашуусун ашып андан соң түщтөнсөк болот деген бүтүмгө келишти. Кызыл-Арт бизди бурганактаган бороону менен каршы алса, талдык ашуусу ызгаардуу суугу, анан дагы көк жалтаң музу менен тосуп алды. Мындайда машинанын ылдамдыгын эң төмөнкү чекитине коюп, акырын түшүп бараттык. Күн түштөн оогон учурда жолдогу «Кудайберген» ашканасына барып токтодук. Ашууларда жол азабын көрүп курсагыбыз ачкан жаныбыз ал жерде бир далайга чейин тамактанып, жазылып, жайылып дегендей эс алдык. Ал жерден сапарыбызды улам жаңыдан салынган жол менен, өз ара маектешип отуруп Ош шаарына бат эле жетип келгендей болдук.

 

Байыркы Ош алыстан эле жылдыздай тюлуп жымыңдаган кечки оттору менен бизди тосуп алды. Биз түз эле ар дайым Мургабдыктар барып жүрүшкөн «Кашка-Суу» базасына түщтүк. Аба ырайы бир аз жылуу болгондуктан жердеги кар эрип жаткандыгын байкалды. Анткени бул жер топурактуу болгондуктан бут алдыбыз ылайланып жатканын сездик.

 

-Бул жерге машинаны жайгаштырып калтырабыз, азыр сиздер үчүн шаардын «Алай» мейманканасында атайын жай даярдалган ошо жакка барабыз. Бардык жүгүңүздөрдү алыңыздар-деди бизге Жумагүл – Бул жерден такси менен барабыз. Бардык сумка, коробка жана башка буюм тайымдарыбызды алып, күтүп калдык.

 

Бир аздан соң Абылкасым эки такси заказ берип алып келип калды. Аларга бөлүнүп олтуруп тез эле «Алай» мейманканасына жете келдик. Бардыгыбыз бөлүнгөн номерлерибизге эки экиден болуп жайгаштык. Мен жердешим Балтабай менен бирге болуп тээ түндүн бир оокумуна чейин аркы беркини сүйлөшүп жатып уйкуга кеттик.

 

Кийинки күнү түшкө чейин Ошто болуп, өзүбүздү ырастап андан аркы сапапрыбызга даярдык көрдүк. Түшкү саат бир чендерде «Алай» мейманканасына чогулуп ал жерден атайын заказ берилген эки такси менен Бишкеке багытына жөнөдүк. Жалал-Абаддан түштөндүк. Жолдор, жолдор. Сапарыбыз андан ары түп мекендин борборун көздөй уланды. Энергетиктердин шары болгон Кара-Көлгө жете келгенибизде көз байланды. Ошентип кетип бара жаттык. Бир машинада мен, Жумагүл, Каныкей, Абылкасым, ал эми экинчи таксиде болсо Кеңешбек, Курбанбай, Балтабай, Мамасали жана Зиябидин. Мына, кар боройлоп жаап баштады.

 

Бизди алып бара жаткан айдоочу жигит анада санда ашуулардан кооптонуп койот. Бир кезде ал:

-Мына бул Ала-Бел деген ашуу – деди бизге өйдө көтөрүлүп бара жаткан жолго көз жүгүртө. Бир аз жүргөнүбүздөн кийин катар тизилип тыгын болуп турган машиналардын артына барып токтодук. Ал жерде кеминде ары жагынан бери жагынан болуп жүздөн ашуун машина туруптур. Айдоочу жигит бир билейинчи деп сыртка чыгып кайра бат эле келип; -Биздин бактыбызга жолду жаңы эле ачышыптыр, азыр өткөзө баштайт, буйруса кетип калабыз – деп кудуңдады.

 

Ырас эле бир аз убакыттан соң ошол жерде жыйылып турган машиналар жыла башташты. Бир саатка жакын убакытта ал жерде жааган кар тизеге жакын болуп калды. Түндүн бир оокумунда Төө-Ашууга жеттик. Кудай жалгап ал жерде кар калың болсо дагы жол ачык экен. Төө-Ашуудагы белгилүү тоннелге келгенибизде түнкү саат бирлер чамасы болуп калган эле. Эртеден бери жолдон көзүн албай келе жаткан айдоочубуз бир аз чырым этип алайын деп машинанын отургучун чалкалатып жата кетти. Ал уйку кандырганча артта калышкан шериктер да жете келишти.

 

Жолубузду андан ары улантып, Чүй облусунун Сосновка айылына келгенибизде таң агарып калган эле. Айлананын бардыгы ак карга чулганган. Айдоочу жигит да кубангандай:

-Мына, Кыргызстандын борбору Бишкекке да келип калдык – деди жылмая.

Бир аздан соң карасам чын эле илгерки Фрунзе шаарынын «Шлагбаум» деп аталчу жерине келип калыптырбыз. Ооба, тааныш дагы, тааныш эмес дагы көрүнүштөр. Анткенимдин себеби, бул жерде мен байкаган Фучик паркы, андан ылдый Фрунзе атындагы айыл чарба машиналар заводунун жатаканалары илгеркисиндей эле турат. Билим издеп алыстан келгенимде так ушул жерден алгачкы студенттик кадамым башталбады беле. Кыялымла ушуларды өткөрүп бүткөнүмчө айдоочу жигит:

-Ушул жерден мени менен эсептешип коюңуздар, андан ары шаардын таксиси менен кетесиздер – артыбыздын жете келген Экспресс таксини да токтотконго үлгүрдү. Биз аны менен эсептешип, буюм тайымдарыбызды шаардык таксиге котордук.

 

Бишкекте

 

Бишкекте күн бүркөө, экен тээ Төө-Ашууда жааган кардын илеби уруп тургансыйт. Түшкөн тиаксибизге Жумагүл бизге берилген адрести, айтты эле ал жерге бат эле жеткирип койду. Биз түшкөн мейманкана «Горы Азии-2» деп аталып Бишкектин чок ортосунан орун алыптыр. Бул мейманкана өтө заманбап стилде курулуп, эл аралык стандартка жооп берет десек болот. Бизди ал жерде Сүйүнбек Тажидинов өзү тосуп алып, даярдап койгон номерлерди көрсөтүп, аларга тез жайгашып кайра чыга турганыбызды айтты. Анткени иш тартиби боюнча бир тобубуз пресс-конференцияга, бир тобубуз Байтик айлына жөнөрүбүз керек экен. Биз жолдон бир аз кечиреек келип калгандыктан, ошол түнү мейманканага түнөй албай калдык да. Мага 5 номер жазылыптыр, ал жерге сумкамды көтөрүп кирип барсам Алимкул аке да жайгашыптыр. Экөөбүз кучакташа көрүшкөндөн соң Алымкул аке:

 

-Кандай, жакшы жетиңерби? Биз Сүйүн экөөбүз силерди бул жерде күтүп жаттык-деди. Мен жолдон кандай келегенибизди кыскача айттым.

 

Аңгыча төмөнкү этажга чогулгула деген эскертүү болду. Ал жерге барып Мургабдан келген делегация бүт чогулдук. Сүйүнбек бүгүнкү программаны кыскача тааныштырып чыкты. Ага ылайык Сүйүнбек өзү Алимкул Акназаров жана Курбанбай Раимкулов пресс-конференцияга калып, калгандарыбыз Байтик айылына жөнөй турган болдук. Сыртка чыгып атайын дайындалган кичи автобуздун алдында бизди коштоп жүрүү үчүн келген татынакай кыз күтүп туруптур, ал өзүн Наргиза деп таанышытырып анан бизди автобуска отуруубузду суранды. Баардыгыбыз автобусуна жайгашкан соң ал шаардын түндүгүн бет алып жөнөдү. Жолдон бизди, өз үйүндө күтүп турган Кристенсен фондунун Борбор Азия жана Кыргызстан боюнча өкүлү Жылыдыз Доолбекова кошулду. Жылдыз айым биз менен илбериңки учурашып, кандай келгенибизди, ал жайыбызды сураганча жол жүрүп отурдук. Ал биздин ушунчалык алыстан келгенибизге абдан кубанычтуу экенин билдирип бизге өз ыраазычылыгын билдирди.

 

Бир топ убакыттан соң Байтик айылына келип калдык. Байтик айылы, аты эле айтып тургандай байыркы Байтик баатырдын жери экен. Бул айыл Аламүдүн районуна карап, Бишкектин түштүк тарабында, чалкып жат Алатоонун этегинде жайгашкан абдан кооз, чоң айыл экен. Биз түшкөн автобус, анча чоң эмес багы бар, жөнөкөй типте салынган, айланасы таза үйдүн алдына барып токтоду. Автобустан түшкөн бизди, улуттук кийимдерди кийишкен кыздар, жигиттер, өспүрүм балдар тосуп чыгышты. Аңгыча алардын артынан башына кундуз тебетей кийип, кыргыз саймалары менен кооздолгон кызыл кыргыз чепкен кийген, ак сакалын жайкалткан, жүзүнөн нуру төгүлгөн адам көрүндү. Мен жазбай тааныдым, бул адам Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдырахманов. Ооба, ошол, аны КТРКдан дайыма эле көрүп жүрөбүз го. Мен ойлорумду жыйганча Жылдыз айым тааныштырып калы:

 

-Алдыңыздарда кыргыздын таланттуу комузчусу, Эл артисти Нурак Абдырахманов. Бүгүн сиздер бул адамдын коногусуздар-деди да бизге карап: -Нурак ава, булар Тажикстандын Мургаб районунан келишкен кыргыздар, боордошторубуз-деп таанышытрды.

-Абдан жакшы экен, кош келиңиздер-кыргыз жергесине туугандар –деп Нурак ава баардыгыбыз менен жайдары учурашып, кол алышып чыкты да үйгө киришибизди суранды.

 

Биз чындыгында бактылуу элек. Бул улуу адам залкар комузчу менен бетме-бет келип учурашып сүйлөшөбүз, жолугушабыз деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Мына азыр анын куттуу үйүндө отурабыз. Үй кыргыздын боз үйүнө окшошуп тегерек тартып салыныптыр. Ал жерде дасторкон жайылып, нан, боорсок коюулуптур.

 

Нурак ава өзү сөз баштап, биздин келгенибизге кубанычтуу экенин жашыра албай жатты. Мургабдан баргандар ар бирибиз өзүбүздү тааныштырып чыккан соң, алар дагы ар бири өздөрүн таанышытырп өтүштү. Ал жерде Кыргызстандын жети дубанынан келишкен таланттуу жаштар, же болбосо комузчулар, макалчылар, ырчылар, чоорчулар бар экен. Алардын арасында биз таанымал манасчы Рыспай Исаков жана Замирбек Баялиев да отурушту.

 

Алгач сөз чугун Кристенсен уюуму колдогон «Айгине» коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева баштап бул коомдук иш аракеттери туурасында айтып берди. «Айгине» коому комузчуларды, манасчыларды колдоодо албан иш жаратып жаткандарына күбө болдук. Кыргызстандын Эл артисти Нурак Абдырахмановдун комузчулар мектебинде тарбия алышкан жаштардын талантына баа бердик. Ал жерде алгач эле «Жаш манасчылар» мектебинин окуучулары биринен сала бири улай Манас айтканы купулубузга абадан толду. Ал эми Замирбек Баялиев болсо Манас эпосунан кыскача үзүндү айтып берди.

 

Бул жерде белгилей кетчүү нерсе Нурак Абдырахмановдун «Эн белги» ыкмасы менен комуз үйрөнүү долбоору тууралуу маалымат болду. Бул тууралуу Нурак ава буларды айтып берди: -

 

Мен көп жылдан бери жаштарга комуз үйрөтүп келем. Аларга нота жаттатып, күүлөрдү ошол ноталар менен черттирип үйрөтөм. Бирок ошол ноталар менен комуз үйрөтүү өтө машакат. Анткени, ноталар менен үйрөткөндө жаштар күүлөрдү чаташтырып үйрөнө алышпайт экен. Анан мен жөнөкөйүрөөк бир ыкма менен үйрөтөйүн деп ойлоп баштадым. Анан нотанын ордуна кыргыздын Эне сайдын боюндагы тамгаларын нотага айландырдык. Бул өтө оңой болду. Анан ошо менен үйрөнүшкөн балдарым тээ чет өлкөлөрдөгү сыйлыктарга татыктуу болушту. Ошондой ийгиликтер болгондон кийин эле мени чакырып алышып, мунуңуз бизге жакты, сизге эмне жардамдар керек дешкенинен, мен буларды китеп кылып чыгарыш керек дедим. Ошондо TCF фондунун жардамы менен «Эн белги» деген китеп чыгардык ошо менен эле жалпы республикага жайылды. Бул ыкма менен консерваторияда нота аркылуу үч жылда үйрөнгөн комузду эки эле айда үйрөнүп алып жатышты-деп сөзүн жыйынтыктады ал.

 

Ошол күнү түш ченге чейин Нурак комузчунун үйүндө болдук кыргыз маданиятынын жогорку үлгүлөрү менен тааныштык десек болот. Ал жерде комузчулар тобунун «Ак кептерим» «Алтын балалык» «Ысык Көлүм» деген ырларын жана «Аттила» аттуу күүсүн кулак төшөп кутук. Баарынан да Нурак комузчунун жубайы Аманбүбү апа менен аткарган «Өмүрлүк жарга» деген ыры, өзүнүн аткаруусундагы «Бул дүйнө» аттуу ырларын бизди толкундатпай койгон жок. Андан соң Нурак аванын тарбиялануучуларынын чакан концертине күбө болуп жарпыбыз жазылды.

 

 

 

 

 

Ошол жерде Нурак аванын суроосу менен Кеңешбек саламдашуу ырын ырдап Мамасали М. Тойчиевдин «Сарыкол» ырын комуздун коштоосунда ырдаганда, дүркүрөп кол чабылды.

 

Түшкү тамак мезгили болуп калганда бизге тамактануу сунуш кылынды. Бул дагы өзгөчө мааниси бар даам татуу болду. Анткени биздин алдыбызга кыргыздын унутулган тамактары тартууланды. Унутулган дегенибиз илгерки кыргыз тамактары бул жерде жасалып, кайра жаңыланыптыр. Тамактануу аяктагандан соң «Айгине» коому тарабынан Мургабтан барган бизге белектер тартууланды. Алар жөн белектер эмес эле, «Манас» эпосунун кыскартылган вариантындагы чыгарылган китеп, Ыраң-Көлдүн көркөм өнөр мектебине «Эн белги» китебинин бир нече даанасы берилди. АКТЕД уюумуна дагы анын бир нечеси берилди. Ошентип жан дүйнөбүздүн азыгы болгон китептер бизге баалуу белек болуп калды.


Кезек бизге келгенде биз дагы Сары-Колдон ала барган белектерибизди тапшырдык. Кулжанын кичиекей статуясын Нурак Абдырахмановго, АКТЕД уюмунун колдоосу менен чыгарылган «Сарыкол Легендалары», «Памир Кыргыздары», Мургабдагы «Як Хаус» уюму чыгарган «Чыгыш Памирдин искусствосу» аттуу китептерден Жылдыз Доолбековага, «Айгине» коомунун жетекчиси Чолпон айымга да тартууладык. Алар буларды көрүшүп Мургабдык кыргыздардын жасап жаткан мындай иштерине таң калу менен ыраазы болгондуктарын жашыра алышпады.


Ошол жерде катышып отурган жаш акын кыз Кыял Тажиева тээ жүрөгүнүн түпкүрүнөн эргип чыккан бул ырын окуп берди:


Оо, кыргызым, амансыңбы бир боорум?
Бөтөн жерде өтсө дагы бул дооруң.
Кыргыз бойдон келатасың сакталып,
Мен ишенем Манас руху колдоорун.


А биз болсо өз айлында улуттун,
Бирин билбей кыйындыгын турмуштун.
Эрке өскөн эселектей эсирип
Жашап келдик баркын билбей кыргыздын.


Бөтөн тилдер турса дагы тузактап,
Дилин бербей кыргыздыгын ырастап.
Өжөрлөнүп канын сактап келаткан,
Мургаб элин Памир турат кучактап.


Болсо дагы Тажикстан аймагы,
Кыргыз чапкан ар бир өзөн, сайлары.
Тээ бийикте, калкып калган Памирде,
Мургаб эли кыргыздардын каймагы!


Бул ыр окулганда бардыгыбыз анын ар бир сабын кулак төшөп уктук, ыр аяктаганча тынчттык өкүм сүрдү. Ырдын саптарында чоң кыргыздардын бизге болгон мамилеси чагылдырылганына жетине албай кол чаап жибердик. Ушундай жүрөк толкуткан маанилүү жолугушуудан соң бардыгыбыз чогулуп сүрөткө түштүк.

 

Tupku meken tush jol1 Tupku meken tush jol3
Tupku meken tush jol2 Tupku meken tush jol4


Коштошоор мезгил келип, биздин бул жолугушуу үчүн бөлүнгөн убактыбыз аяктап, улуу чыгармачыл инсан, залкар комузчу Нурак Абдырахманов жана анын шакирттери менен кыйыла коштошуп жаттык. Ошол учурда Нурак абанын шакирттеринин бири, сулуучасынан келген, жарашыктуу кылып кыргыздын улуттук кийимин кийген ажарлуу айым биз мене коштошуп жатып:


- Бүгүн мен, мургабдык кудаларымды көргөнүмө абдан кубанычтуумун – деп калды.


Мамасали Сатаров ал айымдан: - Биз сизге кандайча куда болобуз?- деп сурай кетти.


Ал айым бир аз токтоло түшүп мындай жооп узатты: - Менин раматылык бир тууган жездем Апенди Кадыркулов ошол Мургабдан болот эле, билсеңиздер керек – дегенде мен:


Сиз Какен жеңебиздин сиңдилеринен болот турбайсызбы. Апенди агабызды кантип билбейли – дедим. Ал айым жердешибиз Апенди Кадыркуловдун бир тууган балдызы экен.


Ушундай жолугушуулар менен ишибизди аяктап, алып келген машинабызга түшүп жөнөп жатып терезеден караганыбызда, улуу комузчу Нурак аба өз шакирттери менен кол булгалап узатып турушту. Ала-Тоону этектей жайгашкан Байтик айылын артка таштап, шаарды көздөй сапар алдык. Айылдан эми эле чыга бергенибизде бизди коштоп бара жаткан Жыддыз Доолбекова айым чөнтөк телефону аркылуу кимдмр бирөө менен сүйлөшүп бир аз жүргөнүбүздөн соң машинанаы токтотуп :


- Мына сиздердин заказыңыздар аткарылып, аккордеонду да жолдон даярдап коюшуптур, алып келишти – деди. Машинанын эшиши ачылганда кутусуга салынган аккордеонду алып келген өзүбүздүн эле жердешибиз Мамытова Эркайым экенин тааныдык.


Машинабыз Бишкектин чок ортосундагы тарых музейинин алдына келип токтоду. Бизди коштоп жүргөн кыз бул жерде пычылган калпак көргөзмзсүндө бизди күтүп жатышкандыгын түшүндүрүп музейге баштады. Чындыгында музейде уюштурулган кыргыздын эң ыйык баш кийими калпакка арналган көргөзмө өтө кызыктуу экен. Бул көргөзмө «Кыргыз калпагы» деп аталып ал жерде калпактын тээ илгертен баштап, азыркы күнгө чейинки түрлөрү коюлуптур. Музейдеги гид бизге калпактын тарыхынан баштап, анын жасалышына чейин түшүндүрүп кеңири айтып берди. Бул жерде калпактардын эски түрлөрүнө көбүнчө орун берилиптир. Ошондой эле Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын фондунан кинолорго тартылган калпактарга өзүнчө орун берилиптир. Мында көргөн дагы бир кызыктуу нерсени айта кетейин. Кыргыз эли илгертен эле калпакты өзгөчөлүктөрүнө карата жасап кийинишкендиктерин, мүчөл жаштарына карата түсүн, оюуларын, кештелеринин бөлүнүштөрүнүн бар экендигин да билдик.


Ошентип, биз ак калпак кыргыз элинин руханий маданиятында негизги орунду ээлей турганына биротоло ынандык. Кыргыз калпагынын бул көргөзмөсү «Кыргыз эл» коомдук бирикмесинин «Муундан муунга» долбоору тарабынан даярдалыптыр. Бул долбоорлун жетекчиси Айдай Асангулова айымдын ишине терең ыраазылык билдирип анын колунан «Кыргыз калпагы» атуу сүрөттүү буклет китепти белекке алдык. Ал китептин алгачкы барагы Асек Казиевдин «Ак калпак» деген төмөнкү ыры менен ачылыптыр:


Кыргызымдын баш кийими ак калпак,
Кылымдардан кийип келген ардактап.
Кыргызымдын кара тору жүзүнө,
Куп келишип кандай сонун жарашат.


Ак калпагым элибиздин сыймыгы,
Ата-бабам мурас кылган ыйыгы.
Башка элдер башыңдагы калпактан,
Байыркы эл деп баркатап келген кыргызды.


Кыргызмын деп соксо сенин жүрөгүң,
Ак калпактай аппак болсун тилегиң.
Барктап кийип бара жатсаң калпакты,
Бир азамат уул экен деп билемин.


Энелерим кооздоп сайган ак калпак,
Эчен кылым элим кийген ардактап.
Ой келди эле белек кыла беребиз,
Ойлонбостон келечекти салмактап.


Бул таамай саптарды окуп, бир топ ойлонуп да, сыймыктанып да калдым. Кыргыз мамлекеттик тарых музейинду ошол эле «Кыргыз эл» коомунун алдындыгы уюшулган манасчылардын тобу менен жолугуштук. Ошол музейдин ичинде тигилген чоң, аппак кыргыз үйдүн ичинде алар бизди тосуп алышты. Биз кирген кыргыз үйдүн өзгөчө мааниси бар экен. Анткени бул үй Суусамырда тигилип анда Кыргызстандын манасчылары 41 күн бою биринен сала бири Манас айтканда кут түшкөн үй дешти. Ошондуктан музейге алынып келиптир. Бул кут түшкөн үйдө манасчылар бизге да Манас айтып беришти.


24-ноябрь күнү эртең менен Кеңешбек, Курбанбай ,Мамасали комуз күүлөрүн, жана Зиябидин оз чыгармаларын аккардиондун коштосуунда, ЭлТР телевидениесине жаздырганы кетишти. Калгандарыбыз Г.Айтиев атындагы Республикалык көркөм өнөр музейине бардык. Музейге кирер алдында Алымкул аке экөөбүз «Учур» жана «Жаңы ордо» гезиттеринин кабарчыларына маек бердик. Маегибиздин негизин Бишкекке келгендеги максатыбыз, Мургаб районундагы кыргыздардын жашоосу, Кыргызстан менен болгон карым катнаштар туурасында болду. Андан соң биз дагы көркөм өнөр музейине келип тобубузга кошулдук. Музейде Кыргызстандын жана дүйнөлүк көркөм өнөр чыгармалары менен тааныштык. Музейден соң Кыргызстандын Маданият жанан маалымат министрлигинде болдук. Мында бизди министрдин орун басары Кожогелди Кулов (Култегин) кабыл алды. Бул жерде биз, районго өнөр адамдарын, көркөм адабияттарды жиберип туруу маселелери боюнча да айттык.


Маданият министрлигинен чыгып биз түз эле Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Академиялык драма театрына бет алдык. Анткени бул жерде Бишкек шаарына келген максатыбыздын эң башкы иш чарасы музыка таануучу Балбай Алагушовдун «Комуз күүлөрүнүн антологиясы» аттуу китептин республикалык бет ачары болмокчу эле. «Комуз күүлөрүнүн антологиясы» китебинин презентациясына арналган бул жыйынды Кристенсен фондунун өкүлдөрү ачышып, аталган фонддун Кыргызстан жана Борбордук Азия боюнча координатору Жылдыз Доолбекова айымга сөз берди. Ал бул фонддун аткарып жаткан иштерине анын ичинен «Комуз күүлөрүнүн антологиясы» китебинин басылып чыгышы тууралуу кеңири айтып берди. Бул китептин бет ачарына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси, белгилүү драматург Султан Раев жана Кыргызствндын маданияи министринин орун басары Кожогелди Култегин катышышып сөз сүйлөшүп анын уюштуруучуларына ыраазылыктарын билдиришти.


Бул «Комуз күүлөрүнүн антологиясы» китебинин бет ачарында биздин жетекчибиз АКТЕД Эл аралык уюмунун координатору Сүйүнбек Тажидинов чыгып сөз сүйлөп жалпы райондун маданий иштери, анын ичинен салтуу кыргыз күүлөрүнүн сактап калуу, ошондой эле улуттук кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү боюнча эл аралык уюмдардын жүргүзүп жаткан иштерине кеңири токтолду. Бул китепттн бет ачарында салттуу музыканын концерти болду. Бул концертке Кыргызстандын көрүнүктүү комузчулары менен бирдиткте Мургаб районунун комузчулары Раимжанов Курбанбай, Сатаров Мамасали, Орозбаев Кеңешбек жана музыкант Жүндүбаев Зиябидин катышышып, Алымкул Акназаров өзүнүн «Ата журт» аттуу драмасынан үзүндүлөрдү окуп берди. Бул жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Бул иш чаранын аягында биздин комузчуларга 6 даана комуз белекке тартууланды.


25-ноябрда «Салттуу маданиятты азыркы түшүнүү» деп аталган семинарга катыштык. Бул семинарды белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев алып барды. Аталган семинарда «Кыргыздыр түбөлүктүү изденүүдө», «Рухтун ойгонушу, кайып кубулуштар», «Кыргыздардын салттуу музыкасы», «Манас айтуу касиети» деген темалардагы талкуу лекциялар угулду. Ошондой эле Мургабдан барган делегациялардын атынан Сүйүнбек Тажидиновдун « Мургаб кыргыздыры боюнча маалымат», Алымкул Акназаровдун «Сарыколдун тарыхы жана ыйык жерлери» жана менин «Сарыкол кыргыздарынын маданияты» деген темадагы сунуштоолорубуз угулуп, катышуучулардын кызыгуусун туудуруп, бир катар пикирлер, ойлор сунуштар жана суроолор айтылып талкууланды.


Андан тышкары Бишкек шаарынын № 68-орто мектебинде «Устат-Шакирт» чыгармачыл жаштарынын борборунда жаш комузчулардын концерти атайын биздин делегацияга тартууланып Ыраң-Көл көркөм өнөр мектебинин мугалимдери менен өз ара тажрыйба алмашуулар болду. Бул жерде Ыраң-Көл көркөм өнөр мектебине комуз белекке тартууланды. Ошол эле күнү Курбанбай, Кеңешбек, Мамасали жана Зиябидин ЭлТР телевидениесине концерт жаздырышты.


Ошентип түп мекенибиз Кыргызстандын борбору Бишкекке түшкөн жолубуздун сапары карып жемиштүү кайттык.


Султан Парманов журналист (текст)

Суйнтбек Таджидинов (сүрөт, видео)

Комментарий

Эгемкулов Давут Очубекович

Пятница, 01 Мая 2015 20:07

Азаматтарым. Сары-Колдук туугандарым!

Силердин Бишкек шаарына келген сапарынар байсалдуу болгонун журналист, Султан Парманов тагамдын "Тупку мекенге тушкон жол" деген баянынан окуп абдан курсан болдум.

Тээ бийикте калкып калган Памирде,
Мургап эли кыргызымдын каймагы.

- экенин жаш акын Кыял Тажиева ташка тамга баскандай таамай айтканына терен ыраазылыгымды билдирем. Бар бол эжекем. Бар бол кыргызым.

Дуйнону ТОПОН СУУ каптаганда Нух пайгамбардын кайыгы да Памир-Алай аймагына келип токтогон болсо керек менин деген божомолум жана изилдоом бар. Бул али алдыда такталчы нерсе. Чон тема.

Ага негиз бар. Дениз астында жашоочу Моллюскалар тибиндеги жаныбарлар дениз денгээлинен 4000ден - 7000 метр бийиктиктеги жерлерде убакыттын отушу менен ташка айланып, шагал болуп катып калганы негиз боло алат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены