Жеңиш майрамын Берлинде тоскон Сары-кол баатыры.

Жеңиш майрамын Берлинде тоскон Сары-кол баатыры.

Тээ батыштан Гитлердик Германия кол салган учурда Ахмат аба ошол кездеги өзү курактуу жаш жигиттердин катарында кан майданта аттанган эле.

 

133-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн эле. Кандуу 1943-жылда Сталинградды коргоого алардын полку да катышкан эле, ошол дем алышсьз салгылашууга Ахмат абанын катышканы сыймыктуу.

 

Сталинград үчүн болгон салгылашууда жолдоштору менен курчоодо бир айдан ашык болгон, бирок багынып беришкен эмес.

 

Ошол учурда Ахмат абанын ата-энесине дайынсыз жоголгон деген кабар келген, а тагдыр аны кайрадан бар экендигин билдирди, башкача айтканда курчоодон аман чыгышкан эле. Ахмат аба женишти так Берлиндин өзүндө тосуп алды.

 

Согуштагы каармандыктары үчүн «Кызыл Жылдыз» орденине ээ болгон, андан крйин II даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени менен сыйланган.

 

Veteran A Parmanov1«Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары анын көкүрөгүндө өмүр боюу жаркырап жүрдү. Согуш аяктары менен мекенине кайтып ошол күндөн автоматын жолчунун күрөгүнө алмаштырып калган өмүрүн жол оңдоочу болуп ак эмгек менен өткөрдү.

 

Бул күндө уулу Абдикарим атасынын сыймыктуу өмүрүн жалпы калк менен эстеп журөт.

 

Veteran A Parmanov3

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены