Төрт жылдан бери сары өзөн Чүйдү жердеген сарыколчу Убайдылда Шайымов жакында киндик каны тамган айылына барды. Түштүк Памирдин Баш-Күмбөз айлында өзү иштеген мектептен кабар алып, жээнин күйөөгө берип, айылдын турмушунан кабар алып кайтты. Сары-Кол өрөөнүндө жайгашкан Памирдин Мургаб районун жайкысын чет элдик туристтер каптап кетет, ал эми кышкысын беш миң метрге чукул келген Ак-Байтал даванын ашып, ал жакка зарыл…