Сары-Колдон Европага саякат

Сары-Колдон Европага саякат

Урматтуу Сары-Кол сайтынын окурмандары !

 

Мен, Европага барганымды айтып мактанайын деген ойум жок, болгону өз ойумду сунуш катары жазып жана ал жактан алып келген жакшы нерселерди (тажырыйбамды) бөлүшүп, биздин жаштардын демине-дем, күчүнө-күч кошуп, элибиздин эртенки келечеги үчүн ар бирибмз өз салымыбызды кошуп, келечекте биздагы башка элдер окшоп өнүгүп-өссөк деген тилек ар бирибиздин жүрөгүбүздө болуш керек.

 

Европа абдан өнүккөн деп ар бирибиз айта беребиз, бирок бирда адам, кантип өнүктү деген суроого жооп издебейт. Мен ал жакка барып өз көзүм менен көргөндөн кийин жеке жообум мындайча: талыкбас эмгек, билим, биримдик, эрк жана ар бир адам өз адамдык статусун сыйлап жана табиятты колдоно билүү. Мына ушулардын арты менен алар өнүккөн.

 

Бизде табият абдан кооз жана аны колдонуу мүнкүнчүлүгү да бар.

Биринчи-туризм тармагын өнүктүрүү абдан пайдалуу жана ыңгайлуу

Экинчи-элдин социалдык проблемаларынын баардык түрүн камтыган проекттерди жазуу.

 

Бул иш менен иштөөгө бизде билимдүү жаш адистер жетиштүү. Күч бирдикте деген жакшы сөз бар! Келиңиздер бирдикте өнүгөбүз!

Болгону Ынтымактуулук, биримдик жана ар бирибиздин жүрөгүбүздө мен Сары-Колду сүйөм деген ыйык сезим гана болушу керек.

 

 

Шерали Жунусов

Мургаб району
Аличор
27.04.15 ж

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены