Абдулметин Кескин: “Кайда жашабайлы жүрөгүбүз дайыма Кыргызстан деп согот” Жакында Афганистандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүндө жашаган кыргыздарга Кыргызстандан атайын жөнөтүлгөн делегация гуманитардык жардам жеткирип келди. Памир кыргыздарынын, бир кезде ал жактан Түркия Республикасына көчүп кеткен кыргыздардын абалы кандай? Биз бул суроого жооп алуу үчүн Памирде төрөлгөн, Кыргыз түрктөрү уюмунун башчысы, Рахманкул хандын жээни, азыр Түркияда жашап, Стамбул…