Этникалык кыргыздар

Улуу Жеңишти эскерүү (1941-1945) (сүрөт)

Улуу Жеңишти эскерүү (1941-1945) (сүрөт)

Белгилүү болгондой Советтер Союзуна 1941-жылы фашисттик Германия басып кирип, Улуу Ата Мекендик согуш башталган. СССРдин бардык жерлериндегидей эле Сары-Кол жергесинин жашоочулары да бул алааматтуу согушту журөктөру менен кабыл алышып, гитлердик баскынчыларга каршы экендиктерин билдиришип жалпы элге кошулушкан. Жалпы Мургаб району боюнча 1943-44 жылдарда 300 дөн ашуун адам аскерге чакырылып согушка жөнөтүлгөн. Алардын көпчүлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен кайтыш болуп…

Памир тоолорундагы мугалимдер (сүрөт)

Памир тоолорундагы мугалимдер (сүрөт)

Памир тоолору-асман тиреген чокулары, ак мөнгүлөрү жана катаал жаратылышы менен өзгөчөлөнгөн аймак. Ушул бийик тоолордун арасында жашаган кыргыз эли үчүн билим берүү иши советтик доордо жаңы баскычка көтөрүлгөн. Жергиликтүү калктын арасында кат-сабаттуу , билимдүү адамдар өтө аз болгондуктан, бул муктаждыкты жоюу максатында Кыргызстандан мугалимдер жөнөтүлгөн. Бул тарыхый демилге Улуу Ата Мекендик согуштан кийин башталып, 1980-жылдардын аягына чейин уланган. Советтик партиянын…

Ааламдын чокусундагы аздектелген буюм

Ааламдын чокусундагы аздектелген буюм

Байзакова Асила энебиздин кымкап чапаны (Чыгыш-Памир) Сары-Кол өрөөнүнөн алынып келинген кымкап чапан тарыхый чапан. Бул кымкап чапанды чебер уз айым Айдай Асангулованын «Кийиз-дүйнө «фондуМургаптын Көөнө-Коргон айылындагы Асила энеден алышкан. Асила эненин бул баалуукымкап чапаны анын апасынан калган экен, апасы Асила эне алгачкы турмушка аттанган учурда белекке берген дешет. Асила энебиз Чоң-Алайдан Сары-Кол тарапка он жети жашында турмушка чыгып, өмүрүнүн акырына…

Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды

Памирлик кыргыздарга жардам жеткирилип, дарыгерлер менен ветеринарлар да барды

Афганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылып, аларды туура колдонуу жана ооруларды алдын алуу, мал ылаңдарын туура дарылоо боюнча окуу өткөрүлгөн. "Экспедиция менен бирге кардиологдор, тиш доктурлар жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу да барды. Алар…

Миталип Жумабаев ким болгон?

Миталип Жумабаев ким болгон?

Жазуучу, акын жана журналист, кыл калем сүрөтчү Жумабаев Миталип Касымович 1948-жылы Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургап районуна караштуу Ыраң-Көл айыл советинин Суу-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Мургаптагы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз ССРинин Ош облусундагы Мамлекеттик Педагогикалык институттун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу адистигин бүтүргөн. Миталип Касымовичтин бир катар чыгармалары «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты»,…

Урпактарга калган улуу мурас (сүрөт)

Урпактарга калган улуу мурас (сүрөт)

Сары-Кол (Чыгыш Памир) кыргыздарында тээ илгертеден эле илим - билимдүүэшен- молдолор, ырчы газалчылар (казал), дастанчылар, улуу ойчул акылмандар, даанышман жазмакерлер жана башка көптөгөн кат сабатуу инсандар жашап өткөн экен.Буга далил Сары-Кол өрөөнүндө биз жашап жаткан мезгилден 200-250 жылдар илгерки кол жазмалар (китептер) бүгүнкү күнгө чейин сакталып калуусу. Бул кол жазма китептерди Сары-Кол жергесинен чыккан чыгаан (бул киши өзү даилим-билимдүү болгон)…

Страница 1 из 129