Кыргызстандын элчиси И.Жунусов Чубуктагы кыргыздар менен жолукту

Кыргызстандын элчиси И.Жунусов Чубуктагы кыргыздар менен жолукту

Ѳткѳн айдын акырында, Кыргызстандын Түркия Республикасындагы толук жана атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Аканара шаарынын Чубук аймагында жашаган вандык кыргыздар менен жолугушту.

 

Түркиянын чыгышындагы Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Улуупамир кыргыз айылында бир топ кыргыз жашайт. Рахманкул хан баштаган бир топ кыргыз, ѳткѳн кылымдын 80-жылдары Ооганстандан Пакистан аркылуу ушул жакка келишкен. Чарба күтүп, очор бачар болуп жашашкандары менен борбордон жана чоң шаарлардан алыстыгы бир топ кыргыз үй-бүлѳсүн Түркиянын борборун кѳздѳй кѳчүүгѳ аргасыз кылды.

 

Анкаранын чет жакасына келгенине эки үч жыл болуп калган кыргыздардын саны 25-30 түтүн. Ал эми бул жерден үй алып коюп, кѳчүп келе элек дагы 25-30 үй-бүлѳ бар. Кандаштардын ал акыбалын сурап келгендер ѳтѳ эле аз. Бул ирет Ибрагим Жунусов башында турган топ туугандарды сураганы бардык.

 

Алгач жолугушуу Чубук аймагынын райондук акимиятынын жыйындар залында башталды. Жолугушууну Чубук аймагынын башчысы Тунжай Ажехан мырза ачып берди. Аны видеодон көрсөңүздөр болот...

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены