“Чет элдердеги кыргыздардын аксакалдар кеңеши” коомук бирикмеси

 1 1"Чет элдердеги кыргыздардын аксакалдар кечеңеши" коомдук бирикмеси, Президентибиз С.Н.Жапаровдун "Аксакалдар институтун түзү" боюнча Указын колдоо максатында түзүлдү жана баардык аксакалдар жаштардын башында турушуп, элибиздин бакубат жашоосуна, мамлекетибиздин тездик менен өсүп-өнүгүшүн чын дилдеринен кубатташат.


Сыртта жүргөн мекендештерибизге баш-көз болуп, кеп кеңештерибизди айтып, жакшы нуктагы тарбия берүү максатында, 2023-жылдын 20-июль куну Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине "Чет жердеги кыргыздардын аксакалдар кеңеши" коомдук бирикмесин тү¬зүү боюнча документтерди тапшырып, мамлекеттик каттоодон өткөрдүк.

 

 

 1 2  1 3

 

"Чет элдердеги кыргыздардын аксакалдар кеңеши" коомдук бирикмесинин негизги максаты:

чет элдерде жашап жана иштеп жүргөн уул-кыздарыбызга кеп-кеңеш, акыл-наасат айтып, арка-жөлөк болуп, кылым карыткан кыр¬гыз элинин үрп-адат, нарк-насилин, каада- салтын, тарыхын, тилин, көп тармактуу элдик маданиятын, руханий дөөлөттөрүн жайылтууга, жашап иш¬теп жаткан мамлекеттин мыйзамдарын, мадания¬тын, элин сыйлоо менен кыргыз деген улуу атты бийик алып жүрүү боюн¬ча жаштарыбызга акыл, насаат айтуу менен туура тарбияга чакыруу бо¬луп саналат.

 

 1 4  1 5


Азыркы мезгилде, "Чет элдердеги кыргыздардын аксакалдар кеңеши" коомдук бирикмеси, 200-дөн ашуун аксакалдарды бириктирип турат жана анын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жакында, жалпы аксакалдардын сунушу менен конкурс өткөрүлөп, коомдук бирикменин коомдук маданий-маалыматтык "Ак-Бата" газетасын чыгарууну колго алып, газетага аймактык, шаар, мамлекеттердеги коом, диаспоралардын алгылыктуу иш-чараларын, уул-кыздарыбыздын ийгиликтүү жакшы иштерин чагылдырып чыгарып элибизге, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө, ак¬сакалдар өз салымыбызды кошолу деп "Ак-Бата" газетасына ак бата бердик.


"Ак-Бата" газетабыздын жолу шыдыр, жолдошу кызыр, байсалдуу, жемиштүү, сапаттуу бо¬луп түбөлүгүн берсин! Гезитибиз нукура элдик гезит болуп, ар дайым элдин кызматында болмокчу. "Ак-Бата" гезитинин чыгуусуна көмөкчү болгондордун баарына терең ыраазылык билдирип кетем.


Эртабылды ШАМИЛОВ,

«Чет элдердеги кыргыздардын аксакалдар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы,

"Ак-Бата" гезитинин башкы редактору


"Ак-Бата" гезити №01 12.03.24