Кыргызстанда 40 миңден ашуун тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жашайт. Алардын 28 миңге жакыны Чүй облусунун аймагында отурукташкан. Учурунда мурдагы Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик Комитетинин алдында Миграциялык фонд этникалык кыргыздар менен иш алып барчу. Сырткы миграция маселеси чечилип бүттүбү же сыртта жашаган этникалык кыргыздардын маселеси такыр жокпу ким билет, айтор, ортодо аталган фонд жоюлуп кеткен. …