Тажикстандагы кыргыздар Рахмонду колдойбу?

Тажикстандагы кыргыздар Рахмонду колдойбу?

Тажикстандын Мургаб жана Жергетал аймактарында кыргыздар көп жашайт. Алар соңку жыйырма жылдан бери экономикалык жактан катаал шартта жашап келишет. Алардын айрымдары туруктуулук жана улуттук азчылыкка көргөзгөн камкордугу үчүн азыркы президент Эмомали Рахмонду колдой турганын айтышууда.

 

Жергеталда 60 миңден ашуун жана Мургабда 10 миңдей кыргыз жашайт. Президенттик шайлоого жергиликтүүлөрдүн айтымында катышуу жандуу болду. Жергеталдагы Жайыл аттуу кыргыз айылынын тургуну Хамид Боронов үй-бүлөсү менен бирге талапкерлердин бирине добуш берип келгенин Би-Би-Сиге айтты. “Кыргыздар негизинен Эмомали Рахмонду колдоп жатышат. Себеби биз бул кишини эң татыктуу лидер деп эсептейбиз”, - деди ал.

 

Президент Рахмондун башкаруусу алдында өлкөдөгү улуттук азчылыктарга көңүл бурулуп жатат. Айрыкча, кыргыздардын Тажикстандын коомдук-саясий турмушундагы орду чоң деп кебин улады ал.

 

Тоолуу Бадахшан аймагындагы Мургаб районунда туулуп өскөн жазуучу Мырзахалим Каримов көп жылдар мурда Кыргызстанга көчүп келген. Ал кыргыздардын Рахмонду колдоп жатканынын эң негизги себеби өлкөдөгү туруктуулуктун сакталышын каалаганында деп эсептейт.

 

“Тажикстанда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги жок, адам укуктары корголбойт. Бирок, Рахмонду көптөр өлкөдөгү тынчтыктын эле эмес, өнүгүүнүн дагы тиреги катары кабыл алышат. Мен дагы тажик атуулу болгонумда Рахмонду шайламакмын. Ал өлкөдөгү маанилүү жолдорду оңдоду. Курулуш тармагы өнүгүп жатат”, - дейт жазуучу.

 

Тажикстандагы кыргыздар негизинен тоолуу аймактарда мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен жан багат. Өлкөдөгү жумушсуздук, миграция сыяктуу көйгөйлөр кыргыз үй-бүлөлөрүнө дагы кедергисин тийгизип келет дешет байкоочулар.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены