Акыркы күндөрү коомчулукта жана массалык маалымат айдыңында Ооганстанда жашаган кыргыздар туурасында арбын айтылып, түркүн түрдүү кеп-сөздөр жүрүп жаткан маалы. Буга эски жылдын этегинде теледен көрсөтүлгөн өздүк тасма өзгөчө түрткү берди десек болчудай. Ошол көрсөтүүдөгү кандаштардын катаал шарттагы оор турмушу бир дагы кыргызды кайдыгер калтырган жок. Бийлик башындагылар дагы адаттагыдай кол шилтей албай, ооган жериндеги кыргыздардын өтүнүчүн аткарууга аз-аздан аракет көргөндөй…