Аксуу дарыясы жана Сарез көлү

Аксуу дарыясы жана Сарез көлү

Илгери өткөн заманда Сарыкол өрөөнүндө Бахбур ата, Тегирмен суу, Канжолу, Көкбел деген жерлерде Мырзабек жана Жумабай аттуу хандыктар өткөн. Аркайган зоолуу Ак таш анын астындагы Ажыдаар көл, Токтомушбектин наамына калган азыркы Токтомуш кыштагы Аксуу дарыясынын жээгине жайгашкан, Жумабай хан менен Мырзабек Токтомушбектин доорунда Хан Тейит элинин хандыгында жыргап куунап жашашкан. Кышында кыштоолоп, жайында жайлоолоп, кымыз ичип кыйкырып, айран ичип айкырып оюун күлкү, таң тамаша менен күн өткөрүп жашап жатышканда Ооган хандыгынын баскынчылары кол салат. Ошого карабастан камдуу турган Жумабай хан баатыр Мырзабектин күчү менен кыйла күнгө чейин чымырканып урушат.

 

Акташ тараптан Токтомушбектер да топтолуп согушка киришет. Ооган хандыгы күндөн күнгө күч алып эл журтту алсырата баштайт.

 

Оогандын Ошур ханы:

- Эй, кыйындар, мен деген Оогандын шахы боломун. Кулдук кылып алдыма келбесеңер кырып, басып жеймин! Ха-ха- ха-деп келекелеп күлөт.

 

Эл ичинен бир карыя чыгып,

-Эли журт бекерден бекер кырылып кетпейли, андан көрө өзүбүз колго түшүп берели-дейт!

 

Бу сөздү кыргыздардын бирөө да укпайт. Анткени кыргыз эли эч качан ата-бабасынан бери бирөөдөн коркуп,бирөөгө кол көтөргөн эмес.

 

-Ээй, эли-журт, жеримди тарттырып, аялымды тул, элимди кул кыла албайм! Эл журттун канын аясаңар тоого ташка чыга качкыла. Мага бар болгону эки жигитти кошуп бергиле. Элимди өзүм коргойм-дейт Аксуу бай деген карыя.

 

Эл Аксуубай аксакалдын айтканын туура көрөт. Ал эки жигит менен Акдөңгө келет. Эки жигит ал жерди далайга чейин казат. Акырында кулпуланган казандай капкак чыгат анын жанында парча зарга оролгон ачкыч. Ошондо Аксуубай карыя жигиттерине кайрылып:-эми жигиттер эли журтка тезинен жеткиле, менин жанымдан кеткиле. Эли,-журтум, туулган жерим аман болсун-деп батаа кылат. Жигиттер кетишет. Элдер да Аксуубайдын шумдугуна таң калышат. Аксуубай болсо кыбылага карап отуруп кудайга ыклас кылып жалынып жанагы казандай болгон капкакты ачат. Асманга атырылган суу селдей каптап күрүгүштөп агып чыгат. Көздү ачып жумганча Ооган баскынчыларын капкалуу ордосу менен кошо каптап басып калат.

 

Өзү келип ойрон болуп, өзүн-өзү сойгон болуп тынч жаткан элдин каарынан, бечаранын зарынан Аксуубай аксакал себепчил болуп кара ниет баскынчылар жок болушат. Аксуубай карыя элине келип кайыр кош калкым, ушуну менен менин да жашоо күнүм, иче турган суум түгөндү-деп коштошот. Эли журту ак кепиндеп аруу жууп, асыл жерге жашырат. Аксуубайдын аты дарыяга коюулуп, Аксуу аталсын дешип батаа беришет. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Кан тейит эли жашаган Аксуу дарыясынан суу үзүлбөй агып жатат. Аксуу дарыясы күркүрөп; ага берет. Аска-зоолор, далай жерлер арт жакта кала берет. Ташка тийет, жарга тийет, кумга сиңет. Элге жакшылыгы жок найсаптарды, элдин назарынан калгандарды, кызыр Алейхисалам колдобогон жерлерди ач көз болуп башкаларга көз арткан элдерди сел болуп ала кетет. Бара бара жай агып жердин кубатына, күчүнө күч кошуп айлананы жашылга бөлөп ага берет.

 

Чыгыш-Памирдин батыш тарабында Сары өзөн деген кыштак турган.

Андагы элдер бири бирине кайрымдуу ыйман топуктуу болушкан. Андай ыймандуу элдер дайыма жайыл дасторкондун үстүндө жашашкан. Кийинчерек заман өзгөрдү. Биздин замандагыдай баш аламан, барган сайын бири бирине ырыскы кайыры жок болуп, кээ бир адамдар кара мүнөздүктү, ач көздүктү үйрөнө баштаган. Кээ бирлер бээ бечаралар карыптарга кеңүл бурбай ичимдик ичип тез тез катын алат, тез тез аларга талак айтылат. Алла тааланы да унутушуп, кудайдын буйруган тапшырмасын аткарышпай, беш убак намаз окубай калат. Мусулман момун экендигин унутушат. Жан жаныбарлага кооз жаратылышка жырткычтан бетер мамиле кылышып кырып жоюуп талашат.

 

Ошондо Алла тааланын буйругу менен Мама Шариф Машираф жер суу кезип, Аксуу дарыясыны бойлоп, Мадиян, Базардара, Самаркандек, Акжылга, Каражылга, Чаттокой менен Сарыөзөнгө түшүп барат. Базардараны байкап өтүп, Сарыөзөнгө башын чайкап өтүп, ач зар адамдын кейпинде бир нече үйлөрдүн эшигин кагып, кайыр садага сурайт. Ага ырайым кылган эч пенде болбойт. Айылдын бай манаптары өзүмчүл, байбачалары нанга мас акмактары ач зар адамды маскаралап токмокко алышып айылдан кууп чыгышат. Бир жыртык алачыкка барса бир кемпир жалгыз уулу менен ачыган айран ичип отурат. Ошол кемпир гана урмат көрсөтүп, «Келиңиз-деп жок болсо да бардай ачыган айранынан сунат. Оозун кармап ичинен тынат. Мамашариф, Машираф кемпир менен баланы жетелеп: «Силердин бактыңар ошол жакта»-деп белинен бир токочту алып, балага түйүп берип, күн чыгыш тарапты көздөй жолго салат. Кемпир менен бала бир нече ай жүрсө да баягы токочтору түгөнбөйт. Акырында жүрүп отуруп Аксуу дарыясынын башындагы Акташтан бакыт табышат.

 

Оо жараткан! Алла таала! Мен бул арды Аксуубай атанын каарына койдум, бээ бечаранын заарына койдум! Алла тааланын берген агыл төгүл ырыскысына тобасы жок мас болгондорду чайка, бири бирине кас болгондорду чайка, эли журтка жер сууга мас болгондорду чайка! Амин аллоху Акбар деп кете берет. Акырын жай агып жаткан Аксуу дарыясы заматта көбүрүп-чамынып, тоо таштан ашып ташып, Базардара кара тоосун каңтара өтүп, Сарыөзөндү кум жам кылып басып кетет. Эки тоо урап, дарыя бөгүлүп тосулуп калат.

 

"Сарыкол легендалары" - 2007

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены