Сарыкол легендалары

Сарыкол легендалары

Памир.

Бул сөз качан да болсо Эл арасында бийик тоолорду, ак кардуу чокуларды элестетип эң татаал климаттык шартты ойлоого мажбурлайт. Карт тарых барактарында Памир аттуу улуу тоолор туурасында канчалаган ойлор айтылып келүүдө. Ооба чын эле Памир деген сөздүн өзу эмне деген маанини билдирет. Карап көрөлүүчү «Памир жөнүндө маалыматтарды байыркы еги петтиктерден, индиялыктардан жана байыркы ирандыктардан, Гердот менен Плинейден, Эратосвен менен Птоломейден, Библиядан, кытайлык андан сон арап саякатчыларынан издеп табышкан»-деп жазылат. «Памир» аттуу альбом-китепчеде (А.Гаврилюк, В.Яраденка «Памир», Москва,«Планета» 1987 г.)

 

Же болбосо, бул туурасында Кыргызстандык окумуштуулар Э. Манаев жана И.Плоских жазган «На крыше мира» аттуу монографияда мындайча белгиленет «Па-и-михр» же болбосо Кундун кудайы Митранын алды («Подножие Митры») дегенди билдирет. ( Кн. «На крыше мире» Фрунзе «Мектеп» 1983 г.). Ал эми айрым бир космостук изилдөөлөрдүн айтуусуна караганда, Памирде ааламдан караганда жердин бетинде өзунчө бөлүнүп томпоктун турган бөлукчө катары айтылып жүрөт.

 

Мына ушундай, ары табышмактуу, татаал климаттык шарттагы жер бөлүгүндө бир ууч кыргыз элинин өкүлдөрү жашашат. Аларды «Памирлик» же «Сарыколдук» кыргыздар деп аташат. А Сарыкол дегендин мааниси кандай? Сарыкол, бул, ошол жергиликтуу кыргыздардын тили менен алганда илгертен татаал климаттык шартка жараша чөп курап, жети, сегиз ай боюу саргайып тургандыктан Сарыкол аталган деп жүрушөт.

 

Сарыкол жөнүндө «Манас» эпосунда мындай саптарды кездештирүүгө болот. Бул эпосто Манасты хан көтөрүп Алтайдан Таласка көчкөндө Акбалтанын мынтип айтканы бар:

 

Ардактуу Сарыкол жерим бар,
Абийрдүү нойгут элим бар.
Биздин нойгут журттунда,
Кара эгинден күрүч көп,
Ак калайдан куруч көп.
Боз коёндон түлкү көп,
Бозого толгон мүлкү көп.

 

Памирдин Сарыкол бөлүгү андан тышкары географиялык бөлүнүшүнө карата Чыгыш Памир деп да аталат. Чыгыш Памир же Сарыкол Алай тоолорунан кийин уланып, отуруп тыягы Кытайды, түштүгү Ооганстанды камтып келберсип жатат. Сарыкол өрөөнүнүн тарыхы канчалык терең болсо, анда жашаган элдин маданияты да ошончолук көөнө. Сарыкол кыргыздарынын жашоосунда жер, суу аталыштарынын, ошондой эле кол өнөрчүлүккө, башкача айтканда таар согуу, сайма сайуу өнөрүндөгү коюлган аттардын, алар туурасындагы уламыш, легенда жана окуялардын мааниси өтө чоң.

 

Бир аз, артка чегинүү жасап, Сарыкол жергесинде эл качантан отурукташканына сереп салсак, жогорудагы «Манас» эпосуна баяндалган окуяларга таянсак бул өрөөндө кыргыздар көп кылымдардан бери жашап келе жаткан десе болот. «Дагы бир божомолдорго Караганда, памирдик-этникалык- ичкилик кыргыздардын түзулүү процесси, алардын азыркы Синьзянды жана Памирди отурукташуусунан башталат. Бул процесс X-XIII кылымдарга таандык» («История ГБАО» Душанбе, 2005 г. т.1 стр. 278). Мына өзүңүздөр карап тургандай Сарыкол элинин тарыхы канча тереңдеген сайын, алардын мурастарын баалуулугу андан да артат.

 

Ошондой болсо дагы Сарыкол кыргыздарынын мындай мурастары алигиче чейин тек гана элдин оозунда айтылып келүүдө. Алар чогултулуп, иликтенип чыга элек. Сарыколдогу жер, суулардын аттарынын аталышы, элибиздин дүйнө таануусунун, жашоо шартын, салт-санасын, улуттук традициясын, дүйнө таануу тажрыйбасын чагылдырып турат. Жер, суунун аталышы болобу, же бир көчөт, кештенин аталышын алабызбы, баяндоо процессинин өзгөчөлүгүнө карабастан, өзүнчө бир бүтүн ойго, философиялык жыйынтыкка ээ. Ошондой эле, жергебизде өтүшкөн уламалар, олуялар жана белгилүү инсандар туурасында айтылган окуя-уламыштарда эмне деген гана философиялык ойлор топтолгон.

 

Колуңуздардагы китепке Сарыкол элинин мына ушундай элдик легендалары, уламыштары, укмуштары менен бирге көчөт, сайма, кештелерге берилген аттары эл оозунан чогултулуп мүмкүн болушунча топтого аракет кылынды. Мындагы материалдардан элибиздин жер, суу аттарын, таар, оюу, сайма кештелерге ысым берүүсүндөгү чыгармачылыгынын бир кыйла бай жана көп кырдуулугунун байкоого болот. Айталы андагы «Базардара», «Бешкатын», «Матааташ», «Кыркшейит», «Чыракташ», «Мадиян», «Кызмазар» деген сыяктуу жерлердин аталыштарында элибиздин турмушундагы кызыктуу окуялар камтылса, «Иттаман», «Гажары», «Кожкормуйуз» деген сыяктуу көчөт, кештелердин аталышында Сарыкол элинин турмушу тиричилиги даана чагылдырылат. Китептин материалдардын топтоодо Жээнбек Ташбеков, Кожомберди Ныязбеков, Бекмамат Байсеитов, Койчуман Жаныкулов,Салим Жакипов.Нышанбай Кудашев, Раимберди Маматумаров, Мусак Калмырзаев, Олжочиев Жаанбай, Матан Абдылдаев , Ахматбек Ашимов жакындан көмөк көрсөтүштү. Бул жерде материалдарды топтоодо Жээнбек Ташбековдун зор эмгегин озгөчө белгилеп айтууга болот. Анткени бул киши материалдардын көп белүгүн айтып берип зор иш бүтүрдү. Жана башка аты аталбай калган жердештерибизге бул жыйнакты чыгаруудагы жардамдары үчүн, чын ыкластан ыразычылыгыбызды билдиребиз.

 

Бул китеп негизинен эки бөлүктөн турат, алгач бөлүм, жер, суу аттары, мазарлар касиеттүү инсандар туурасындагы түрдүү легендаларга, сүрөттөргө,

 

 

ал эми экинчи бөлүмүндө Жумагүл Ибраимованын жана «Як Хауз» дагы аялдар тобунун топтоптогон, Сарыкол элинин кол өнөрчүүлүгү болгон таар, оймо-сайма, кештелери сүрөттөрү менен, берилди. Мында Эрик Энгелдин, Тобиес Крауцмандын, АКТЕД жана ПВИП архивинин сүрөттөрү, ошондой эле Маркус Хаузердин сүрөттөрү жана картасы пайдаланылды.

 

 

Бул китепти каржылаган, Швецариялык SDC агентствосу, АКШнын «ТЬе Christiansen Fund», жана Франциянын АКТЕД эл аралык уюмдары. Ошондой эле бул долбоорду колдогон АКТЕД эл аралык уюмунун Мургаб районундагы координатору Кристоф Белперон мырзага терең ыраазылык билдиребиз. Акырында айтарыбыз бул жыйнак жалпы элибиздин бай маданий мурастарын элге калтыруунун башталышы болмокчу. Олуясы жоомарт Сарыкол жергесинин мындай элдик мурастарынын али чети оюула элек.

 

Китепти түзүүчүлөр:

Султан Парманов Мургаб райондук, «Сарыкол» газетасынын редактору, Эл аралык Журналисттер конфедерациясынын мүчөсү.

Сүйүнтбек Тажидинов АКТЕД Эл аралык уюмунун маданий өнүктүрү адиси.

 

Урматтуу мекендештер китепти толугун мынабу жерден окусаңыздар болот.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены