Памир жөнүндөгү алгачкы маалыматты батыш эли Маркополонун китебинен окушкан. Италиялык Саякатчы Маркополо(1254-1324)Европада алгачкылардан болуп Памир жөнүндө жазган:«Ушул кичи элден (Бадахшан) айрылып, чыгыш батышты көздөй улоочон үч күн жүргөндө тоолорду аралап кетесиң. Тоо чокусу абдан бийик болуп, адамга дүйнөнүн эң бийик жери экен деген ой салат. Бийик белге чыкканда бир түзөңдүк көрүнөт, анда бир дарыя бар, чөйрөсү өтө кооз, дүйнөнүн эң…