Этникалык кыргыздар

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келүүнү эңсейт

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келүүнү эңсейт

Памирлик кыргыздар берилген жардамдан мурун, кыргыз өкмөтүнүн көңүл буруп, унутта калтырбай эстегенине ыраазы болду. Акыркы жолу Кыргызстандан жардам 5 жыл мурун берилген. Тажик жана ооган күч түзүмдөрү өз аймактарында абал туруктуу эмес, келген топтун коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз деп уруксаат бербей келгендиктен, өкмөттүк өкүлчүлүк Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздарга көмөк бере алган эмес. Бул ирет баары ийгиликтүү болду. Эмгек,…

Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү каалашат

Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү каалашат

Кичи жана Улуу Памир аймагын байырлаган ооганстандык кыргыздарга кыргыз өкмөтү гуманитардык жардам көрсөттү. Колдоо кылган тараптын катарында сырттагы кыргыздардын маселелерин көтөрүп келген “Замандаш” ассоциациясы менен “Кыргыз бутагы” уюму да болду. Жардамды атайын түзүлгөн экспедициялык топ жеткирди. Катаал шартта, деңиз деңгээлинин 3 миң 800 метрден 4 миң 200 метрге чейин бийиктикте, дүйнөдөгү бийик тоолордун бири Памирде жашаган мекендештерибизге 5 жүк ташуучу…

Акыркы хан

Акыркы хан

Кыргызда мен-мен деген далай эл башчы, хандар өткөн. Ошолордун ичинен акыркысы памирчилердин лидери Рахманкул болгон. Советтик идеологияда Рахманкул хан өз кара жанын гана ойлогон эзүүчү деп сүрөттөлсө, Ооганстандык памирчилердин лидери Рахманкулды уруулаштары кыргыздын салты менен тилин сактап калуу үчүн күрөшкөн даанышман лидер деп билишет. СӨЗ БАШЫ 23 жыл мурда көзү өткөн Рахманкулду бүгүн да уруулаштары кудайындай көрүшөт: «Рахманкул…

Этникалык кыргыздарды эске алган жан барбы?

Этникалык кыргыздарды эске алган жан барбы?

Кыргызстанда 40 миңден ашуун тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жашайт. Алардын 28 миңге жакыны Чүй облусунун аймагында отурукташкан. Учурунда мурдагы Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик Комитетинин алдында Миграциялык фонд этникалык кыргыздар менен иш алып барчу. Сырткы миграция маселеси чечилип бүттүбү же сыртта жашаган этникалык кыргыздардын маселеси такыр жокпу ким билет, айтор, ортодо аталган фонд жоюлуп кеткен. …

Тажикстандагы кыргыздар Рахмонду колдойбу?

Тажикстандагы кыргыздар Рахмонду колдойбу?

Тажикстандын Мургаб жана Жергетал аймактарында кыргыздар көп жашайт. Алар соңку жыйырма жылдан бери экономикалык жактан катаал шартта жашап келишет. Алардын айрымдары туруктуулук жана улуттук азчылыкка көргөзгөн камкордугу үчүн азыркы президент Эмомали Рахмонду колдой турганын айтышууда. Жергеталда 60 миңден ашуун жана Мургабда 10 миңдей кыргыз жашайт. Президенттик шайлоого жергиликтүүлөрдүн айтымында катышуу жандуу болду. Жергеталдагы Жайыл аттуу кыргыз айылынын тургуну Хамид…

Аксуу дарыясы жана Сарез көлү

Аксуу дарыясы жана Сарез көлү

Илгери өткөн заманда Сарыкол өрөөнүндө Бахбур ата, Тегирмен суу, Канжолу, Көкбел деген жерлерде Мырзабек жана Жумабай аттуу хандыктар өткөн. Аркайган зоолуу Ак таш анын астындагы Ажыдаар көл, Токтомушбектин наамына калган азыркы Токтомуш кыштагы Аксуу дарыясынын жээгине жайгашкан, Жумабай хан менен Мырзабек Токтомушбектин доорунда Хан Тейит элинин хандыгында жыргап куунап жашашкан. Кышында кыштоолоп, жайында жайлоолоп, кымыз ичип кыйкырып, айран ичип айкырып…

Страница 103 из 126