Этникалык кыргыздарды эске алган жан барбы?

Этникалык кыргыздарды эске алган жан барбы?

Кыргызстанда 40 миңден ашуун тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жашайт. Алардын 28 миңге жакыны Чүй облусунун аймагында отурукташкан. Учурунда мурдагы Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик Комитетинин алдында Миграциялык фонд этникалык кыргыздар менен иш алып барчу. Сырткы миграция маселеси чечилип бүттүбү же сыртта жашаган этникалык кыргыздардын маселеси такыр жокпу ким билет, айтор, ортодо аталган фонд жоюлуп кеткен.

 

А чынында Кыргызстанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын көйгөйү аз эмес. Айрым үй-бүлөлөрдө балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ эмес , көбүнүн сабаты жок, үй-жайы жок, сатып алганга каражаты жок. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар дегеле каралган эмес. Аталган фонд жоюлуп, бөлүм кеткенден бери деле этникалык кыргыздардын чекелери ысыган жери жок. Булардын катарында Кызыл-Кыя шаарында жашап жаткан 230 үй-бүлө да бар. Бул үй-бүлөлөрдө жер маселеси, жарандык алуу маселеси дагы чечилбей келүүдө.

 

Президентти баш кылып, мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акундан бери кайрылып жүрүшчү эле, Акун алар түгүл, өзүнүн айласын таппай турат. Маселе ошол эле бойдон. Кечээ жакында вице-премьер-министр Камила Талиева Чїй облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамынын аткарылуусу боюнча жыйын өткөрдү. Атайын жыйын өткөрүп жаткан соң, Камила айым бул мыйзамдын кабыл алынганына 6 жыл болгонуна карабай толук кандуу ишке ашырылбай жаткандыгын айтып, Чїй облусунда тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү иштери начар экендигин белгиледи. «Республика боюнча этникалык кыргыздардын эң жыш жайгашкан жери Чїй облусунун аймагы.

 

Тилекке каршы, өз мекенине кайтып келген этникалык кыргыздардын маселелерин чечүүдө жергиликтүү аткаруу бийликтеринин иштери өтө солгун» деп жооткотуп, жолго түштү вице-премьер-министр. Жыйындын жїрїшїндє тарыхый мекендештердин өз жеринде негизги көйгөйлүү маселелери козголду. Этникалык кыргыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн баштап, пенсия алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда кыйынчылыктардын жаралуусу, турак жай курууга жана айыл чарба максатында иштетүүгө жер тилкесинин берилбей жатышы, жумушка орноштуруу маселеси, мектепке тартуу жана медициналык жардам берүү багытында сөз болду. Боло жүргөндөй эле вице-премьер-министр аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерине токтоосуз зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Маселе ошол эле бойдон калды.

 

" АЛИБИ"  4-октябрь 2013-жыл

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены