Бул түрмөктө буга чейин Тажикстандагы Памир кыргыздарынын, өздөрү айткандай сарыколдуктардын чек ара көйгөйлөрү, экономикалык каатчылык, жол азабы, эне менен баланын саламаттыгы, уламыш-жомоктору тууралуу сөз болгон эле. Бүгүн алардын музыкалык чыгармачылыгына кайрылабыз. Бул алыскы тоолуу аймактагы ичкилик кыргыздардын өзгөчөлүү жана начар изилдеген музыкалык өнөрү бар. Учу-кыйырсыз Мургаб жергесинде болгону жети айыл болсо, алардын бири ушул Токтомуш. Илгери Алтын Ордонун ханы…