Оомал-төкмөл замандарда ата-энеси Кытайда калган Байыт Ооганстандын Памириндеги туугандарынын колунда өсөт. Жетимдиктин азабын далай тартып, жаштайынан ырдап жан багат. 1978-жылы ооган кыргыздары Пакистанга качканда кошо качып, азыр Түркиядагы Улуу Памир айылында жашайт. Ырларын көптөгөн окмуштуулар, анын ичинде Сулайман Кайыпов жаздырып алган. Түрктөр анын атын паспортуна Абдылвахид Барбарос деп жаздырышат. Барбарос паша 15-кылымда туулган, теги грек, осмон түрктөрүнүн…