Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү каалашат

Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү каалашат

Кичи жана Улуу Памир аймагын байырлаган ооганстандык кыргыздарга кыргыз өкмөтү гуманитардык жардам көрсөттү. Колдоо кылган тараптын катарында сырттагы кыргыздардын маселелерин көтөрүп келген “Замандаш” ассоциациясы менен “Кыргыз бутагы” уюму да болду. Жардамды атайын түзүлгөн экспедициялык топ жеткирди. Катаал шартта, деңиз деңгээлинин 3 миң 800 метрден 4 миң 200 метрге чейин бийиктикте, дүйнөдөгү бийик тоолордун бири Памирде жашаган мекендештерибизге 5 жүк ташуучу унаа менен эң зарыл делген 30 тонна азык-түлүк жана башка буюмдар жеткирилди.

 

Экспедициялык топко бир нече тармактын кызматкерлери тартылган, Бишкектен чыккан жүктү 2 миң чакырым алыстыктагы памирлик кыргыздарга жеткирүү үчүн 4-5 бийик ашуу ашылды, алардын арасында Тажикстандагы деңиз деңгээлинен 4650 метр бийиктиктеги Ак-Байтал ашуусуу да болду. Чек аралардан өтүү үчүн тажик жана ооган тараптар менен алдын-ала макулдашуулар жетишилген. Алгач үч КамАЗ жүк кичи памирлик кыргыздарга жеткирилди. Алар жашаган жерге унаа бара албагандыктан, ар бир айылдан чогулган эркектер тоо этегине келген меймандарды боз үй тигип тосуп алды. Экспедиция кичипамирлик кыргыздар учурашып жардамды тапшырды. Кичипамирлик кыргыздар жашоо-шарттарынын оордугун билдирип, эгер Бишкектин кудурети жетсе, аларды Кыргызстанга көчүрүп кетсе деген армандарын айтты.

 

 

Кичи Памирдин жашоочусу Султан Абдылганы: “Кыргыз өкмөтү биздин Ооган өкмөтү менен сүйлөшүп, бир айла таап алып кетсе, балдарга жардамы тийсе. Биз эми жашыбыз өтүп калды, жаштарды ойлосо.” Экспедициялык топту жетектеп барган депутат Мирлан Бакиров алыста жашаган кыргыздардын аманаттарын кыргыз бийлигине жеткирерин билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты, экспедициялык топтун жетекчиси Мирлан Бакиров: “Силердин жашооңорду аз да болсо көрүп кеткенибиз биз үчүн түрткү болот. Милдет алып отурабыз, биз силердин маселелерди өкмөткө, президентке, парламентке жеткиребиз.” Кыргызстандан келген гуманитардык жардам Кичи Памирдеги кыргыздардын колуна тапшырылды. Алар жылуу кийим менен азык-түлүктү ташып кетүү үчүн атайын даярданып келишкен. Мекендештерибиз жүктөрдү төө, ат, топоздорго артып алып, 2-3 күн жол жүрүп, айылдарына жетет.

 

Чоң Памирге жол чоң дарыядан өтүү аркылуу башталат. Эртеси жардам жеткиргендер Пянж дарыясынан өтүп, калган жүктү Улуу Памирде отурукташкан кыргыздарга жеткирди. Ал жактын кыргыздары дагы 3 күн жол жүрүп, тоо башынан этекке түшүп келип, тосуп алышты. Экспедиция мүчөлөрү памирлик туугандар менен учурашты. Кыргызстандан акыркы ирет памирлик туугандарга деп гуманитардык жардам 2008-жылы жеткирилген. Көп убакыт өтсө дагы, ал окуя унутта калбай, колдоого алынып жаткандарына толкунданган кыргыздар кубанычын жашыра алган жок. Чоң Памирдин жашоочусу Абдыраим Абдижалил уулу: “Элибиз, устуканыбыз бирбиз, ата-бабаларыбыз бирге жашаган. Бизди эстеп, эки ууч кыргыздар бар деп келгениңерге чоң рахмат. Биз өлгөндөн калганыбыз, тыңыраактарыбыз келдик тосуп алганы.” Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздардын саны тууралуу так маалымат жок. Болжол менен эки тарапты кошо эсептегенде 2 жарым миңге чукулдайт. Буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Ооганстандын Памир аймагын байырлаган кыргыздарды көчүрүп кетүү демилгесин көтөргөн, бирок бир топ тоскоолдук бар, мисалы, алардын дээрлик баарынын документи жок, ооган тарап да макул эмес. Жакында Ооганстанда кыргыз элчилиги ачылды, адистердин пикиринде, бардык тараптан аракет көрүлүш керек.

 

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орунбасары Бакытбек Исаков: “Бизде программа иштелип жатат, Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздарды кантип көчүрүп келүү боюнча. Атайын долблоорлор иштелип чыккан, алар толукталып, иштелип жатат. Эгер колдоого алынса, көчүрүп алууга мүмүнчүлүк түзүлөт. Ага чейин санын тактап, маселелерин билип, колдон келген жардамды берип туруу керек.”

 

Катаал шартта жашаган кыргыздардын күнүмдүк тиричилиги 17-18-кылымдагыдай бойдон калган. Мектеп же оорукана жок, эли сабатсыз, айрымдары - жашы канча экенин да билбейт. Ооруп калгандары - өз күчү менен бутуна туруп кете албаса, ошол бойдон жатып, каза болот. Акыркы жылдары өлгөндөрдүн саны кескин көбөйүп баратат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены