Памирлик кыргыздардын Афганистан, Түркияга барып окуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок салт-санаабызды, улутубузду, тилибизди жоготуп албаш үчүн ата-бабаларыбыз байырлаган жерге кайтуу башкы каалообуз эле. Бул тууралуу Турганбай Памири Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, памирликтер Кыргызстан тууралуу улуттук телеканалдардан маалымат алып турушчу. "Буга чейин араб арибинде жазып келгендиктен орус тамгасын өздөштүрүү кыйынчылык туудурду. Бирок бир жуманын…