Асан Парманов 3 жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында сүрөтчү болуп эмгектенип келет. Ал Бишкек шаарында бош жүргөн маалда таанышынан кат келип, Дубайга учканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди. Каарманыбыз Тажикстанда 1993-жылы төрөлгөн. «Үч жылдан ашык убакыттан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашап жана эмгектенип келем. Мындан 3 жыл мурун Кыргызстанда жумушсуз отуруп калдым. Ага чейин Мургаб районундагы Көөнө-Коргон айылындагы мектепти аяктап,…