Биз көрүп, тааныган дүйнөнү көз менен эле эмес жан дүйнө менен да туюп аны кагаз бетине түшүргөн сүрөтчүлөр арасында мургабдык мекендешибиз Асан Парманов да бар. Каарманыбыз учурда Дубайда эмгектенет. «Европалыктар искусствону өзгөчө баалашат» деген сүрөтчү бул өнөрдүн артынан тапкан ийгиликтери, кызыктуу окуялары тууралуу айтып берди. «Чоӊ энемден өткөн өнөр» - Мен 1993 жылы Тажикстандын Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылында туулуп…