“Өткөн күндүн белгиси жок” – деген макал сөз көп окуяны өз ичине камтыган мааниси терең сөз экен. Аллага шүгүр, мына бүгүн Сары-Кол базарындагы тамак-ашка, кийим-кече, турмушка керектелүүчү буюм-түйүмдөргө баш айланат. Жашоонун бу- лагы болгон ун маселеси сарыколдо чечилген. Жылдын кайсы мезгили болбосун жашылча, жер-жемиштер базарда сатылып турат. Эт базарындагы сарыгидир топоз этин, майлары ээрип турган кой этин көрүп…