387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди

387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди

Жети айда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, аталган статус Өзбекстандан келген 16 этникалык кыргызга, ошондой эле Тажикстандан келген 351 адамга, Кытайдан келген 10 адамга, Орусиядан келген 5 кишиге, Ооганстандан келген 1 этникалык кыргызга жана башка өлкөлөрдөн келген 4 адамга берилген.


Кайрылман статусуна ээ болгон адамдар социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды, медициналык-санитардык жардамды, билим алууга, ошондой эле өлкө аймагында эмгектенүүгө укуктуу.