Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин эксперти Салтанат Бараканова Миграция комитетинде иштеп турганда Ооганстандагы кыргыздарга бир канча жолу барып келген. Ал соңку жагдайга байланыштуу "Азаттыкка" маек курду. - Сиз оогандык кыргыздарга кайсы жылдары баргансыз? Алар менен жолукканда "Талибандан" коркуп-кооптонуп жашарын байкаган белеңиз? - 2007-жылы Кичи Памирде Абдрашит хан тирүү кезинде бизге алардан кат келген.…