Беш жашында жетим, 28 жашында жесир калып, кайненесинин каардуу запкысынан төрт баласын ээрчитип үйдөн чыгып кеткен Эркингүл Турганбаева Чүйдүн Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы социалдык шаарчанын 36 жаштагы тургуну. Анын бала кезинен башталган армандуу жашоосу: аптаптуу күндөрдө балдарын ээрчитип, талаа жумуштарында көз жашын төккөн көйгөйлүү күндөрү менен аймактык кабарчы таанышты. «Бейиши болгур Айгүл апам 5 жашымда каза тапты. Алты бир…