Ош облусунун Чоң-Алай районунда афганистандык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна 26-сентябрда президент Садыр Жапаров капсула салды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, шаарчада жалпы 300-400 турак-жай салынышы пландалууда. Ошондой эле, анда 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык объектилер да курулат. Аталган шаарча үчүн Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынан 30 гектар жер бөлүнгөн. "Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн…