Сары-Кол (Мургаб) кыргыздары дүйнөнүн чокусу аталган деңиз денгээлиден төрт-беш миң метр бийиктиктеги Памир тоолорунун арасында кылымдардан бери жашап келе жаткан байыркы улуу эл. Сарыколдук кыргыздар бийик тоолуу аймактын климаттык катаал шартынын оордугуна (түтөк, шамал, суук) карабастан ата-бабалардан калган мал чарбачылык менен алек болуп, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, өстүрүп келүүдө. “Биз жашаган аймактардын аталышы байыркы байыркы кыргыз сөздөрү менен аталган. Баарлашуу…